МААЛЫМАТ — ЭЛДИН АҢ-СЕЗИМИН ЖАНА МАМЛЕКЕТТЕРДИН КЕЛЕЧЕГИН КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ КУБАТТУУ КУРАЛ

  • 27.07.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Д.Т. Орунбековдун ШКУнун ММК жана аналитикалык борборлорунун 2026-жылдагы саммитинин ачылыш аземиндеги сөзү.  МААЛЫМАТ — ЭЛДИН АҢ-СЕЗИМИН ЖАНА МАМЛЕКЕТТЕРДИН КЕЛЕЧЕГИН КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ КУБАТТУУ КУРАЛ

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Форумдун катышуучулары!

Урматтуу коноктор!

Сиздерди кыргыз элинин меймандос жана берекелүү жеринде тосуп алуу биз үчүн чоң сыймык жана зор кубаныч!

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана аналитикалык борборлорунун саммитине кош келиңиздер! Бүгүнкү саммит жөн гана кесиптик жолугушуу эмес.

Бул Шанхай кызматташтык уюмунун мейкиндигинде маалыматтык коопсуздуктун негиздерин чыңдоо жолундагы маанилүү кадам, ал интеллектуалдык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана элдерибиздин ортосунда достуктун алтын көпүрөсүн курууга өбөлгө түзөт. Кымбаттуу достор!

Бүгүн биз маалыматтар жана технологиялар үстөмдүк кылган доордо жашап жатабыз. Маалымат бир нече секунданын ичинде бүт дүйнөнү кыдырып чыгат. Ошондуктан коомдук пикирди калыптандырууда, өлкөлөр ортосундагы ишенимдүү мамилелерди жана коопсуздукту сактоодо жалпыга маалымат каражаттарынын жана эксперттик борборлордун жоопкерчилиги кыйла жогорулады.

Бүгүн маалымат — бул элдин аң-сезимин жана мамлекеттердин келечегин калыптандыруучу эң таасирдүү жана кубаттуу курал. Дал ошондуктан аналитикалык борборлордун терең илимий изилдөөлөрүнүн жалпыга маалымат каражаттарынын ыкчамдыгы, тактыгы жана калыстыгы менен биригиши азыркы замандын башкы талабы болуп калды. Сиздердин биргелешкен ишиңиздер маалыматтык манипуляциялардын агымына жана чындыкка дал келбеген кабарларга каршы ишенимдүү калкан болот деп ишенем. Ушул калкандын аркасында коомчулукка текшерилген гана фактылар жана калыс маалыматтар жетет деп ишенем.

Урматтуу саммиттин катышуучулары!

Кыргыз Республикасы ар дайым ачыктык, өз ара сый-урмат жана конструктивдүү диалог принциптерин бекем карманат. Биз Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында маалыматтык, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык байланыштарды мындан ары да тереңдетүүгө чын ниеттен умтулабыз жана ниеттенип жатабыз.

Сиздердин калыс сөзүңүздөр, терең аналитикаңыз жана жүйөлүү баяндамаларыңыз биздин өлкөлөр биргелешип ишке ашырып жаткан ири инфраструктуралык, транспорттук жана инвестициялык долбоорлордун маңызын жана маанисин коомчулукка жеткирүүдө башкы көпүрө болуп саналат.

Бул саммит жаңы идеялардын булагы, чыгармачыл демилгелердин аянтчасы жана биргелешкен келечегибиздин жол картасы болот деп терең ишенем. Бүгүн бул залга Шанхай кызматташтык уюмунун мейкиндигин чагылдырган медиа чөйрөсүнүн алдыңкы адистери, кадыр-барктуу журналисттер жана дүйнөлүк деңгээлдеги эксперт-аналитиктер чогулду.

Сиздердин ар бир пикириңиз жана ар бир практикалык сунушуңуз Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өз ара кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө олуттуу салым кошот.

Бөлүшүү

Комментарийлер