2026–2027-ОКУУ ЖЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИК КАНИКУЛДАРДЫН ГРАФИГИ

  • 27.07.2026
  • 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги бекиткен базистик окуу планына ылайык, окуу жылындагы эс алуу графиги төмөнкүдөй белгиленди:
🍁 Күзгү – 5 календарлык күн (2026-жылдын 11–15-ноябры, сабактар 2026-жылдын 16-ноябрынан улантылат);
❄️ Кышкы – 10 календарлык күн (2027-жылдын 1–10-январында, сабактар 2027-жылдын 11-январынан улантылат);
🌸 Жазгы – 6 календарлык күн (2027-жылдын 3–8-мартында, сабактар 2027-жылдын 9-мартынан улантылат);
🎉 Майдагы (майрамдык) – 9 календарлык күн (2027-жылдын 1–9-майында, сабактарга 2027-жылдын 10-майында кайтышат).
Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн мектептик каникулдар эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага кошумча узартылат.
Кошумча каникулдардын мөөнөтү райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары тарабынан аймактык-климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен белгиленет.  2026–2027-ОКУУ ЖЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИК КАНИКУЛДАРДЫН ГРАФИГИ
Жайкы каникул мезгили эсепке алынбаганда окуу жылынын узактыгы 1-класста – 32 жуманы, 2-класста – 33 жуманы, ал эми 3–11-класстарда 34 жуманы түзөт.
Бекитилген базистик окуу пландарына ылайык, өлкөдө өткөрүлө турган ири мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларга байланыштуу республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2026–2027-окуу жылы 2026-жылдын 15-сентябрында башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт.
А.К., «КБ»
Бөлүшүү

Комментарийлер