УЛУТТУН УЛУУЛУГУН ДАҢКТАГАН ЭНЕ ТИЛИМ — УЛУТТУК ДӨӨЛӨТҮМ

  • 28.09.2020
  • 0

Кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын негизги калкынын  кыргыз улутунун улуттук тили. Эне тилибиз ар бир атуулдун кан-жаны менен бирге бүтүп, боор эти менен тең, эч нерсе менен алмашкыс ыйык дөөлөтү, сыймыгы.

УЛУТТУН УЛУУЛУГУН ДАҢКТАГАН ЭНЕ ТИЛИМ - УЛУТТУК ДӨӨЛӨТҮМ

 

Андыктан кыргыз тилин кадырлоо, сүйүү, өнүктүрүү үчүн ар кимибиз өз салымыбызды кошуп, көптөгөн иш-чараларды уюштуруп, анын аткарылышына көз салышыбыз керек.

Агартуу майданында мындай иш-чаралар ар дайым жарыяланып, жаңыланып  турары абзел.

УЛУТТУН УЛУУЛУГУН ДАҢКТАГАН ЭНЕ ТИЛИМ - УЛУТТУК ДӨӨЛӨТҮМ

Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары тил статусун алгандыгынын  31  жылдыгына арналган  иш-чаралар  Кара-Көл шаардык билим берүү  бөлүмүндө  азыркы кырдаалга байланыштуу онлайн режиминде   «Улуттун улуулугун даңктаган эне тилим  — улуттук дөөлөтүм” аттуу иш-чара мектептерде класстык сааттар менен коштолуп, өз максатына жетти.

УЛУТТУН УЛУУЛУГУН ДАҢКТАГАН ЭНЕ ТИЛИМ - УЛУТТУК ДӨӨЛӨТҮМ

“ Мамлекеттик тил күнү”  кыргыз тилчи мугалимдердин усулдук секциялык иштеринде, класс жетекчилердин класстык сааттарында, көркөм-адабий ийримдерде иштелип чыгып ар түрдүү онлайн формада  даярдалып, ар бир кыргыздын патриоттук сезимин ойготуп, жалпы окуучуларга жеткирилди. Мисалга алсак,  Ч.Тулөвердиев атандагы  № 2  жалпы билим  берүү  инновациялык мектебинде “Дилимде ар дайым эне тилим”, “Эне тил”,  “Эне тилин унуткандар”,  “Дил бермети – тил”, ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылып, түбөлүк элди эл кылып турган анын  тили экендигин дагы бир жолу белгилешти.

УЛУТТУН УЛУУЛУГУН ДАҢКТАГАН ЭНЕ ТИЛИМ - УЛУТТУК ДӨӨЛӨТҮМ

Ал эми  №4  Шопоков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Эне тилим – жан дилим“, “ Элибиздин түбөлүктүүлүгү – эне тилинде“,  “Эне тилим эң ыйыгым, ардагым”, “Кыргыз тилим кылымдарды баскан тил “ , “Биз Манастын урпагыбыз” деген темада класстык саааттар өткөрүлүп, «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылды.

УЛУТТУН УЛУУЛУГУН ДАҢКТАГАН ЭНЕ ТИЛИМ - УЛУТТУК ДӨӨЛӨТҮМ

Мугалимдер жааматы «Кыргыз тил» гимнин  хор менен жандуу  ырдашты.
Токтогул атындагы № 1 мектеп-гимназия, Фрунзе атындагы  № 3 жалпы билим берүү мектеби ж. б. мектептер  жогорудагы эне тилге байланышкан бардык темаларда класстык сааттарды онлайн уюштуруп, сабактарды ютубга  жүктөштү.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер