УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТ ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ МЫКТЫ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН КАТАРЫНА КИРДИ
- 18.06.2026
- 0
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) QS World University Rankings 2027 рейтингине кирди.

Окуу жайдан билдиришкендей, бул дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардын ишин баалаган эң абройлуу глобалдык куралдардын бири болуп саналат.
КУУ аталган дүйнөлүк рейтингде 1201-1400-позициясын ишенимдүү сактап калды. Бул жыйынтык университеттин билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана илимий потенциалды өнүктүрүү боюнча туруктуу аракеттеринин натыйжасы болуп саналат.
Белгилей кетсек, быйыл дүйнөнүн 106 өлкөсүнөн 8 808 университет бааланган. Бүгүнкү күндө аталган глобалдык рейтингдин тизмесине Кыргызстандын беш жогорку окуу жайы киргизилген. Рейтингди түзүү үчүн 21 миллиондон ашык илимий басылма талданып, 1,6 млн академиялык өкүлдөрдүн жана 600 миң жумуш берүүчүлөрдүн пикири эске алынган.
— Улуттук университеттин бул эл аралык рейтингге катышуусу ата мекендик жогорку билим берүү тутумунун глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт, — деп айтылат маалыматта.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер