«МЕНИН ҮНҮМ – МЕНИН КЕЛЕЧЕГИМ» РЕСПУБЛИКАЛЫК ФОРУМУ ӨТӨТ
- 17.11.2026
- 0
24-ноябрда Бишкек шаарындагы «Технопарк» борборунда «Менин үнүм – менин келечегим» аттуу масштабдуу республикалык форум өтөт.
Агартуу министрлиги тарабынан «Гуд Нейборс» (Good Neighbors) эл аралык уюмунун колдоосу менен уюштурулуп жаткан бул иш-чара өспүрүмдөрдүн, ата-энелердин, мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун ортосунда ачык диалог аянтчасын түзүүгө багытталган. Форумдун негизги максаты — жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын, зомбулуктун, буллинг жана кибербуллингдин, баңгизат колдонуунун, эрте никенин, жол кырсыктарынын, алдамчылыктын, басмырлоонун жана экстремисттик идеялардын жайылышынын алдын алуу, ошондой эле жаш муундун укуктук маданиятын, жарандык жоопкерчилигин жана сергек жашоо образын калыптандыруу болуп саналат.
Масштабдуу коомдук-маалыматтык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, жаштар активисттери жана жалпыга маалымдоо каражаттары катышат. Ошондой эле борбор калаадагы жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер, жогорку класстын окуучулары жана алардын ата-энелери чакырылган.
Уюштуруучулардын белгилөөсүндө, азыркы шартта балдар үчүн коопсуз билим берүү жана социалдык чөйрөнү түзүү жалаң гана маалымат берүү менен чектелбестен, ишенимге, өз ара урматтоого жана баланын укуктарын сактоого негизделген тыгыз кызматташтыкты талап кылат. Бул аянтчада тараптар көйгөйлөрдү биргелешип талкуулап, аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдорун сунушташмакчы.
А.К., «КБ»