УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМ ЧҮЙ ОБЛУСУНДА

  • 08.09.2026

Чүй облусунун педагогикалык кызматкерлеринин салттуу август кеңешмеси өз ишин баштады. Иш-чарага Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, билим берүү тармагынын адистери жана аймактагы мугалимдер катышууда.

УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМ ЧҮЙ ОБЛУСУНДА

Кеңешменин негизги максаты — жаңы окуу жылына карата билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөрдү талкуулап, мугалимдерге усулдук багыт берүү жана алдыдагы милдеттерди тактоо.

Форумдун жүрүшүндө жаңы окуу жылындагы жаңылыктар, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча багыттар жана мугалимдердин ишин жакшыртууга багытталган методикалык кеңештер талкууланат.

УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМ ЧҮЙ ОБЛУСУНДА

Мындан тышкары, педагогдор менен ачык баарлашуу уюштурулуп, суроо-жооп форматында пикир алмашуу күтүлүүдө. Мугалимдер өздөрүн кызыктырган суроолорду түз берип, билим берүү тармагындагы көйгөйлөр жана сунуштар боюнча адистер менен ачык пикир алышат.

Абдраева Кундуз Мукашевна,  Чүй облустук билим берүү борборунун башчысынын орун басары: УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМ ЧҮЙ ОБЛУСУНДА

“Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги астында уюштурулган бул иш-чарага жалпысынан 220 мугалим жана билим берүү кызматкерлери катышты.

Бүгүнкү иш-чара — доор өзгөрткөн билим, өнүккөн заманбап мугалим, өнүккөн өлкө аттуу облустук форум. Бул салт катары ар бир жыл өтүп келе жатат. Мурда август кеңешмеси болсо, азыр форум, анткени акыркы эки жылда бизде билим берүүдө чоң трансформация жүргүзүлүп, 12 жылдык билим берүүгө толук кадам таштады. Ошондуктан Чүй облусу боюнча былтыркы жылдан баштап кандай иштер өткөрүлдү, быйыл кандай перспективдүү пландарды иш-чаралардын негизинде иш алып барабыз, кандай сапаттуу билимди өнүктүрө алабыз, ошонун баардыгы тең ушул бүгүнкү иш-чаранын эң негизги максаты болуп эсептелет.

Бул иш-чарага биздин Агартуу министрлигинин атайын адистери, Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан, “Окуу китеби” борборунан, “Алтын түйүн” балдардын инженердик академиясынын өкүлдөрү, дал ушул адистер келип,  атайын мугалимдер үчүн, усулчулар үчүн бүгүнкү форумда секцияларды өтүшөт.

Ал секциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынат. Резолюциянын негизинде ошо кийинки жылда кандай иш алып барабыз, эмне перспективдүү иш-пландар болот? Ошонун баардыгы тең резолюция камтылат.

Андан сырткары, биз бул жерде бир эле мектептик форматты камтыган жокпуз. Бул жерде мектепке чейинки билим берүү жана кесиптик орто окуу жайларын дагы камтыдык, анткени булардын жалпы иш алып баруусу эң биринчи бала бакчадан башталып, профессионалдык түрдө билим алуу багыты орто окуу жайлардан бүтүшү керек. Ошондуктан буларга дагы методикалык иштер кандай алып барылат, кандай иш-пландар түзүлөт, 12 жылдык билим берүүдө эмне өзгөрүүлөр, эмне көйгөйлөр болот, ошол эле учурда окуу китептери менен кандай камсыздалган, дегеле билим берүүдө кандай алгылыктуу иштер алып барылат – форумда  талкууланат.

Бүгүнкү айта кетүүчү жагдай, Агартуу министрлиги билим берүү менен эмес, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дагы иш алып барып келе жатабыз, анткени балдарды 12 жылдык окутуу форматына өткөрүүдө мыкты шарттарды түзүү маанилүү. Ал үчүн биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруудабыз. Жакшы шарттарды түзүп берүү, мектеп тартыштыгын, бала бакчанын тартыштыгын жогюу – дал  ушул маселелердин бардыгы тең жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чечип берүүдө.

Азыр ар бир мектеп, ар бир бала бакча өзүнүн ишмердүүлүгүнө карай 12 жылдыкка багыт алып, алгылыктуу иштерди жасоонун үстүндө”

А.К., «КБ»

Бөлүшүү