УЛУТТУК ОЮНДАРДЫН БААЛУУЛУКТАРЫ

  • 13.10.2022
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын  10-21-октябрына чейин  Балдардын  жана  өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда  дене тарбия  мугалимдеринин  билимин жогорулатуу курсу  өтүп жатат.

УЛУТТУК ОЮНДАРДЫН БААЛУУЛУКТАРЫ

Балдардын  жана  өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун директору, п.и.к. Сабийра Челпакованын айтымында,   билим берүү саясатынын  багыттарынын  бири – руханий адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде: улуттар  аралык мамилелердин маданиятын, тарыхын, улуттук жана руханий биримдигин, улуттук нарк, ааламдашууга жана санариптешүүгө карабастан, кадыр-баркты, ар-намысты, айкөлдүктү, адилеттүүлүктү, чыдамкайлыкты  өстүрүүгө, ‌‌кыргыздын улуттук оюндары аркылуу окуучуларды‌  ‌кѳңүлдү‌ ‌бир‌ ‌жерге‌ ‌топтоого,‌ ‌убакытты‌ ‌баалоого,‌ ‌токтоо,‌ ‌жоопкерчиликтүү‌‌, ѳзүн‌ ‌так,‌ ‌тыкан‌ ‌алып‌ ‌жүрүүгө,‌ ‌ыймандуу,‌ ‌адептүү‌ ‌жана‌ ‌ маданияттуулукка‌ ‌тарбиялап,‌ ‌ ‌‌ ‌эс‌ ‌тутумду‌ ‌жакшыртып,‌ ‌логикалык‌  ‌ой‌  ‌жүгүртүүнү ‌   ‌калыптандырып,‌ ‌ өстүрөт.‌

УЛУТТУК ОЮНДАРДЫН БААЛУУЛУКТАРЫ

УЛУТТУК ОЮНДАРДЫН БААЛУУЛУКТАРЫ

— КР Президенти С.Жапаровдун  “2022-2027-жылдарга  улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө  улуттук  программаны  бекитүү” Жарлыгынын,  Кыргыз  Республикасынын  Президентинин “Инсандын  адеп-ахлактык   жана  дене тарбиясын  өстүрүү” токтомунун негизинде “Сейтек” борбору  республикадагы  мектептеги жана мектептен тышкаркы мугалимдердин  профессионалдык деңгээлин жана педагогикалык   чеберчилигин  өнүктүрүү  иретинде, спорт жана дене тарбия  мугалимдеринин (мектептен тышкаркы  кошумча билим  берүү  уюмдарынын  тогуз коргоол, шахмат, ордо, кыргыз күрөш, чүкө атуу  жалпы эле улуттук оюндар боюнча  ийрим жетекчилеринин)  он күндүк  курсун баштадык.   Курстун программасы өтө кеңири. Программада  практикалык, лекциялык  сабактар,  турнирлер,  спортсменди даярдоододогу  көнүгүүлөр менен “Сейтек” борборунун мугалимдери, спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча олимпиадалык белендеги балдар-уландардын адистештирилген  мектебинин, Кыргыз шахмат Союзунун мугалимдери  сабак өтүшөт.

УЛУТТУК ОЮНДАРДЫН БААЛУУЛУКТАРЫ

УЛУТТУК ОЮНДАРДЫН БААЛУУЛУКТАРЫ

Бул курстун программасы Педагогикалык  кызматкерлердин   квалификациясын жогорулатуу  жана кайрадан  даярдоо   республикалык институтунун,    мектептен тышкаркы кошумча билим берүү  уюмдары  менен  Кыргыз  Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлигинин  2022-жылдын 10-августундагы  буйругу  “2022-2023-окуу жылына  билим берүү кызматкерлеринин  билимин жогорулатуу  план-графигине”  ылайык  ишке ашырылууда, — дейт жетекчи.

УЛУТТУК ОЮНДАРДЫН БААЛУУЛУКТАРЫ

Бул курстар, тогуз коргоолду, шахматты жана улуттук оюндарды (кыргыз күрөш, ордо, чүкө атуу)  боюнча  ийримдерин окуучулардын  арасында жайылтууга  шарт түзөт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер