УЛУТТУК ОЛИМПИАДАНЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭТАБЫ ӨТҮҮДӨ

  • 04.04.2023
  • 0

Бүгүн, 4-апрелде мектеп окуучуларынын Улуттук олимпиадасынын IV (республикалык) этабы өтүп жатат.

УЛУТТУК ОЛИМПИАДАНЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭТАБЫ ӨТҮҮДӨ

Быйыл үчүнчү жылы өтүп жаткан олимпиадага 5 предметтен 144 окуучу катышууда. Математика, химия, биология, информатика боюнча олимпиада Эл аралык “Ала-Тоо” университетинин базасында, физика боюнча олимпиада – Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтүүдө. Олимпиаданын жүрүшүнө көз карандысыз байкоочулар көз салып, түз эфирде көрсөтүлүүдө.

Олимпиада жыл сайын 4 баскычта өтүп, I, II этап он-лайн, III, IV этап офлайн түрүндө болот.

Белгилей кетсек, билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын командасын түзүү жана аларды эл аралык олимпиадага катышууга даярдоо максатында 2019-2020-окуу жылынан баштап физика, математика, биология, химия жана информатика боюнча альтернативалык олимпиада өткөрүп келет. Пилоттук долбоор ийгиликтүү жыйынтыкталып, 2022-жылы ага Улуттук олимпиада макамы берилген.

Бөлүшүү

Комментарийлер