ТАРБИЯ ИШТЕРИ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ФОРУМ

  • 16.12.2022
  • 0

2022-жылдын 17-18-декабрында “Улуттук нарк — улуттун жүзү” аталышындагы  тарбия иштери боюнча республикалык форум өтөт.

ТАРБИЯ ИШТЕРИ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ФОРУМ

Форум “Түркия Маариф” фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте  “Маариф” билим берүү комплексинин базасында өткөрүлөт.

Форум Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы №303 “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” Жарлыгынын алкагында, билим берүүдөгү тарбиянын актуалдуу маселелерин талкуулоо, жалпы билим берүү уюмдарында тарбия процессин уюштурууну өркүндөтүү, мугалимдердин тарбия жаатындагы чыгармачылык потенциалын жогорулатуу, окуучулар арасында руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун сапатын мындан ары жакшыртуу, руханий жактан бай жана адеп-ахлактуу инсанды калыптандырууга, өнүктүрүүгө шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Форумга республиканын ар бир райондук билим берүү бөлүмүнөн тарбия иштерин жетектеген адистер, тарбия иштери боюнча райондук секция жетекчилери жана облустук билим берүү борборлорунун кызматкерлеры катышат.

 Форумдун жүрүшүндө пленардык талкууга төмөндөгү маселелер коюлат:

  • Тарбия жана мектеп. Нарктуу жаранды калыптандыруудагы мектептин ролу;
  • Тарбия жана үй-бүлө. Салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуунун артыкчылыктары;
  • Тарбия жана мамлекеттин өнүгүүсү. Нарктуу коомду курууда жалпы билим берүү кызматкерлеринин Кыргызстандын жарандарына үлгү көрсөтүүсү.

Талкууда спикерлер менен катышуучулар ортосунда тажрыйба алмашуулар, пикир алмашуулар болуп, сунуштар кабыл алынат.

Форумда ар бир облустан келген катышуучулар өздөрүнүн мыкты иштерин ортого салышат. Бул иштер атайын бөлүнгөн семинар-практикумдар аянтчасында ишке ашат.

Форумдун башталышы: 2022-жыл, 17-18-декабрь, саат 12:00.

Дареги: Бишкек шаары, А.Токомбаев көчөсү 9/1

Байланыш үчүн номерлер: Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-секратары Нуржигит Мырзабеков +996 999 386 984.

Бөлүшүү

Комментарийлер