«Улуттук нарк” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

  • 16.01.2025
  • 0
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жана Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата жарандык жана муниципалдык кызматкерлер арасында өткөн төрт айлык сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарада төрага Мелис Мураталиев жалпы эле сынактын жүрүшү боюнча маалымат берип, жеңүүчүлөргө Алкыш барагын жана заманбап үлгүдөгү планшет тапшырды.

«Улуттук нарк” видеосынагынын жеңүүчүлөрү:

  • Мырзабек уулу Канат, КР Социалдык фондунун «Окуу борбору» мекемесинин жетектөөчү адиси;
  • Алчикенов Мират, Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин башкы адиси;
  • Сыртбай кызы Бермет, КР Улуттук статистика комитетинин борбордук аппаратынын Адам ресурстары, регламент жана административдик иштер башкармалыгынын адиси;
  • Мажинова Мериза, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун билим берүү башкармалыгынын тарбия иштери боюнча башкы адиси;
  • Оморова Майрамкүл, Социалдык фонддун Нарын райондук башкармалыгынын орун басары.
Эске салсак, бул долбоор мамлекеттик тилдин өнүгүшүн жана улуттук баалуулуктардын кеңири жайылышын колдоого алып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тилин, маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатууга багытталды.
Эльвира Какиева, «Кут Билим»
Бөлүшүү

Комментарийлер