УЛУТТУК МУРАСТЫН УЛУУ ӨКҮЛҮ ТОГОЛОК МОЛДО
- 23.04.2026
- 0
2026-жылдын 21-апрелинде Нарын облусунун Ак-Талаа районунда улуу акын, агартуучу Тоголок Молдонун 165 жылдык мааракесине арналган «Улуттук мурастын улуу өкүлү – Тоголок Молдо» аталышындагы райондук семинар жогорку деңгээлде өттү.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужол жөнүндө Жарлыгынын алкагында уюштурулду.Семинардын башкы максаты — акындын кыргыз адабиятына, маданиятына жана фольклоруна кошкон зор салымын кеңири жайылтуу, анын бай мурасын жаш муундарга жеткирүү болду. Ошондой эле катышуучулар «Манас» эпосунун варианттарын жазып калтырган акындын эмгектерин, тамсилдерин жана поэмаларын окутуунун заманбап ыкмаларын талкуулап, тажрыйба алмашты.
Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, методисттер, мектеп директорлору, кыргыз тили жана тарых мугалимдери, ошондой эле облустук методикалык борбордун адистери катышты. Семинардын жүрүшүндө өткөрүлгөн тарбиялык сааттарда окуучулар Тоголок Молдонун чыгармачылыгы менен терең таанышып, анын чыгармаларындагы адеп-ахлактык жана тарбиялык маанини талдоого алышты.
Мындан сырткары, коноктор үчүн акындын чыгармаларынын негизинде уюштурулган «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну кызыгуу жаратты. Бул оюн окуучулардын билим деңгээлин көрсөтүп, улуттук баалуулуктарга болгон урмат-сыйын арттырууга багытталды.
Семинар таланттуу окуучулардын концерттик программасы менен жыйынтыкталып, катышуучуларга зор таасир калтырды.
Бул сыяктуу иш-чаралар мурастарды сактоодо жана даңазалоодо маанилүү кадам болуп, жаш муундардын мекенчилдик сезимин калыптандырууга чоң салым кошот.
Салкынай САЛМООРБЕКОВА, «Кут Билим», И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти




Комментарийлер