«УЛУТТУК МУРАС — КӨӨНӨРБӨС БАЙЛЫК»

  • 21.04.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата жана облустук балдардын чыгармачылык борборунун иш планынын негизинде мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын иштерин өркүндөтүү, жаш муундарга улуттук маданиятыбыздын баалуулугун, нарк-насилин жеткирүү, тарбиялоо максатында «Кесипкөй мугалим — балдардын келечеги» деген ураан менен «Улуттук мурас — көөнөрбөс байлык» аттуу облустук семинар Кара-Суу районундагы А.Эшматов атындагы орто мектебинде Ош шаардык Билим берүү институтунун өнөктөштүгү менен өттү.

Семинарга район-шаарлардын мектептен тышкаркы кошумча билим берүү борборлорунун жетекчилери жана ийрим мугалимдери катышты. Иш-чараны Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору Рахманберди Назаров ачып, катышуучуларды куттуктап, иштерине ийгилик каалады. Андан кийин Ош шаардык Билим берүү институтунун окуу-тарбия иштер боюнча директорунун орун басары Кенжебек Абдылдаев сөз сүйлөп, билим менен тарбия бирге экендигин айтуу менен семинардын ишине ийгилик каалады.

Семинарга экология жана туризм, техникалык чыгармачылык, көркөм кол өнөрчүлүк багытындагы окуучулардын эмгектери коюлду. Андан кийин катышуучулар үч топко бөлүнүп сабактарга киришти. Төмөндөгү алдыңкы ийрим мугалимдердин ачык сабактары өтүлдү:

  1. Даминова Салия, Кара-Суу райондук балдардын чыгармачылык борборунун «Көркөм окуу» ийриминин мугалими;
  2. Гулпиза Абдрахманова, Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун «Фольклор» ийриминин ийрим жетекчиси;
  3. Гулпери Заирова, райондук балдар чыгармачылык борборунун «Көйрөн күү» ийрим мугалими;
  4. Калбаев Капар, Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун «Таң булбулу» ийриминин мугалими;
  5. М. Матмусаева, Кара-Суу райондук балдардын чыгармачылык борборунун ийрим мугалими;
  6. Бактыгүл Туратова, Кара-Суу райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору, «Салттык музыка» ийрим мугалими.

Өтүлгөн ачык сабактар боюнча катышкан мугалимдер өз ойлорун, сунуштарын беришти. Эң жогорку деңгээлде сабак өткөн мугалимдерден Гулпиза Абдрахманова Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун «Фольклор» ийриминин ийрим жетекчисине ыраазычылык билдиришти. Анткени ал ар бир катышуучуга жетишээрлик музыкалык аспаптарды колуна карматып, күү ойноткондугу кызыктуу болду. Ал эми, Гулпери Заирова райондук балдар чыгармачылык борборунун «Көйрөң күү» ийрим мугалими ар бир комузчунун өмүр баянын айтуу менен бирге, бирден чыгармасын чеберчилик менен кол ойнотуп, ырларын мукам үн менен аткаргандыгы семинардын катышуучуларын таң калтырды. Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун «Таң булбулу» ийриминин мугалими Калбаев Капар улуу композитор Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата «Р.Абдыкадыровду эскерүү» темасында өткөрүлгөн сабагында композитордун чыгармаларын үн жеткире ырдаганга үйрөткөндүгүн жана заманбап техникаларды колдонуу менен сабак өтүүсүн ошону менен бирге башка мугалимдердин да ийгиликтерин баса белгилешти.

Семинардын жыйынтыгында улуттук маданият багытындагы ийрим окуучулардын жана мугалимдердин концерттик номерлери берилди. Концерттик номердин көркүн ачкан Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун «Хор» ийриминин окуучулары жана жетекчиси Ирина Сагындыкова болду. Анткени мындай ийрим рай-шаарларда аз, жокко эсе. «Хор» ийриминин окуучулары аткарган «Орленок», «Мекеним Кыргызстан» аттуу чыгармалары залды жаңыртып турду.

Акырында семинардын катышуучулары сөз сүйлөп, өз ойлорун айтып өтүштү. Кара-Кулжа балдардын-өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунун директору М.Шокоев баарына ыраазычылык билдирүү менен семинардын темасына баардык багыт камтылгандыгын, ошону менен бирге Ош шаардык Билим берүү институтунун өнөктөштүгү менен өткөрүлгөндүгү жакшы жөрөлгө экендигин баса белгиледи.  Ош шаардык Билим берүү институтунун окуу-тарбия иштер боюнча директордун орун басары Кенжебек Абдылдаев семинардын максаты жаш муундарды насыят, адеп ырларды, күүлөрдү окутуп, үйрөтүү менен балдардын коом жана социалдык компетенттүүлүктө тарбияланышып жаткандыгын белгиледи. Семинардын жыйынтыгында мыкты мугалимдер жана окуучулар Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун жана Ош шаардык Билим берүү институтунун Ардак грамоталары менен сыйланышты.

 

Д.Исмаилова, УМТ бөлүмүнүн усулчусу 

Бөлүшүү

Комментарийлер