УЛУТТУК КИТЕПКАНАГА ЭКСКУРСИЯ

  • 17.02.2020
  • 0

14-февраль — Китеп күнүнө жана кыргыз поэзиясынын классиги А.Осмоновдун 105 жылдыгына карата  Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары «Мен дүйнөнү китеп менен тааныйм» деген чакырыктын негизинде  университеттин  биринчи курсунун студенттери  менен А.Осмонов атындагы Улуттук китепканага экскурсияга барышты.

УЛУТТУК КИТЕПКАНАГА ЭКСКУРСИЯ

Алгач китепкананын кызматкерлери студенттерди топ-топторго бөлүп, ар бир бөлүмдөр менен тааныштырып, китепкананын шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча  кенен маалымат беришти. Андан соң А.Осмоновдун музейине кирип, акындын балалык мезгилининен тартып, өмүрүнүн акырына чейинки жашоосу жөнүндө кеңири айтып беришип,   ырларын көркөм окуу менен бирге, акындын поэзия дүйнөсүндөгү зор чеберчиликтеги  көркөм ачылыштары менен студенттерге таасирдүү элес калтырышты. Белгилей кетсек, А.Осмоновдун  өмүрү жана чыгармалары ЖОЖдордун окуу программасына кошулган.

УЛУТТУК КИТЕПКАНАГА ЭКСКУРСИЯ

  • Андыктан ар бир студентке мындай иш-чара пайдалуу, алардын ар тараптан маалымат менен кабардар болгондугу кубандырат. Бул иш-чаранын негизги максаты — жаштарды китеп окууга үндөө менен бирге алардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу.  Анткени  китеп билимдин, илимдин ачкычы, китеп окуу — эс-тутумду жакшыртуунун эң негизги куралы  эмеспи, — дейт кыргыз тили жана адабияты  кафедрасынын улук окутуучусу Сартбай кызы Гүлзат

 

Бөлүшүү

Комментарийлер