Улуттук илимдер академиясында “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” тренинги жыйынтыкталды
- 22.10.2025
- 0
Улуттук илимдер академиясында “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу боюнча өткөрүлгөн окутуу-тренинг жыйынтыкталды.
Бул программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган.

Тренингдин алкагында 50гө жакын мамлекеттик кызматкер билим алып, аларга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов сертификаттарды тапшырды.
Программанын жүрүшүндө катышуучулар улуттук идеологиянын мазмуну, мамлекеттик тилдин өнүгүү багыттары жана коомдук аң-сезимди чыңдоонун заманбап ыкмалары боюнча сабактарды өздөштүрүштү.

Окууну ийгиликтүү аяктагандардын арасында Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Канатбек Сейдалиев жана аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Алмагүл Тилекманова да бар.

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов жыйынтыктоочу сөзүндө бул демилге — Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук идеологияны бекемдөө жана коомдун руханий өнүгүүсүн колдоо багытындагы саясатын ишке ашыруунун маанилүү кадамы экенин белгиледи.
Комментарийлер