ПРОФИЛГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК — ИЙГИЛИКТИН ПАЙДУБАЛЫ
- 29.07.2026
- 0
Кыргызстанда 12 жылдык мектептик билим берүү реформасынын алкагында фундаменталдуу өзгөрүүлөр ишке ашууда. Башкы жаңылыктардын бири — окуучуларды жөн гана теориялык билим менен чектебей, алардын жөндөмүнө жана кызыгуусуна жараша эрте багыттоо. КР Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов 2026-2027-окуу жылынан баштап 8-класстарга киргизилип жаткан профилге чейинки даярдык, анын өзгөчөлүктөрү жана келечектеги мааниси тууралуу кененирээк айтып берди.
12 жылдык билим берүү жана профилдик окутуу: Жобонун негизги маңызы
Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулмановдун айтымында, мектептерде 10, 11 жана 12-класстын окуучулары үчүн тереңдетилген профилдик билим берүү уюштурулат. Жаңы кабыл алынган Профилдик окутуунун жобосу окуу процессин мурдагы стандарттуу калыптан чыгарып, окуучуга өзү каалаган багытты тандоого толук мүмкүнчүлүк берет. Бул багытта атайын Профилдик окутуунун жобосу кабыл алынып, укуктук-нормативдик базасы бекемделди.
Профилдик окутуу деген эмне жана анда кандай өзгөрүүлөр бар?
Профилдик окутуу — бул жогорку класстарда окуучулардын суроо-талабына, жөндөмүнө жана келечектик пландарына ылайык айрым предметтерди тереңдетип окутуу формасы.
Өзгөчөлүктөрү жана көңүл бура турган жагдайлар:
- Жекече билим берүү траекториясы: Окуучу өзүнө кереги жок же кызыксыз предметтерге убакыт корото бербестен, келечекте тандай турган кесибине түз тиешелүү предметтерди жогорку саатта окуйт.
- Ийкемдүү программа: Так илимдер (гуманитардык, табигый-илимий, IT, инженердик ж.б.) боюнча багыттар бөлүнүп, кесиптик окуу жайлары же жогорку окуу жайлары менен интеграцияланууга шарт түзүлөт.
8-класстардагы профилге чейинки даярдык эмнени берет?
Жогорку класска барганда профилди туура тандоо үчүн даярдык эртерээк башталышы зарыл. Ушул максатта 2026-2027-окуу жылынан баштап 8-класстарга жумасына 2 сааттык 14 профилге чейинки билим берүү программасы киргизилүүдө.
— Жогоруда айтылган аракеттерге даярдык катары ушул окуу жылынан баштап 8-класстарга профилге чейинки билим берүүгө эки сааттык кружок берилет. Бул багытта Кыргыз билим берүү академиясы мына ошол эки сааттык жүктөмдүн алкагында мектеп өзү тандап алган багыты боюнча окутушу керек болгон предметтердин атайын окуу программаларын сунуштайт. Программалар расмий сайтка жайгаштырылат, — дейт Мелисбек Музулманов.
Адистин айтымында, эрте профориентация аркылуу окуучу 8-классынан баштап өзүнүн ыктыяры, кызыгуусу жана табигый таланты кайсы тармакка жакын экенин (гуманитардыкпы же так илимдерби) 2 сааттык кружоктор аркылуу байкап көрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бул жерде баса белгилей кетүүчү жагдай, өспүрүм келечектеги кесибин аң-сезимдүү тандоого жетишет. 9-классты аяктагандан кийин окуучу кокусунан же ата-энесинин кыстоосу менен эмес, өзүнүн басып өткөн даярдыгына таянып, 10-11-12-класстардагы багытты өздүк чечими менен тандайт.
Программалар кандай ыкма менен окутулат?
Бул эки сааттык сабактар кадимки милдеттүү теориялык сабак катары эмес, ийрим (кружок) жана практикалык иш-аракеттер форматында уюштурулат.
- Кыргыз билим берүү академиясынын (КБА) ролу: академия 14 түрдүү вариативдик программаны иштеп чыгып, сунуштайт. Ар бир мектеп өзүнүн кадрдык, материалык-техникалык базасына жана окуучулардын суроо-талабына жараша ылайыктуу багытты тандап алат.
- Окутуу методикасы: түшүндүрүү, долбоордук иштер, интерактивдүү симуляциялар, кесип ээлери менен жолугушуулар жана практикумдар негизги орунга чыгат. Бул окуучуга теорияны кабыл алууга эмес, кесиптик чөйрөнү сезүүгө жардам берет.
Жыйынтыктап айтканда 8-класстарга киргизилип жаткан профилге чейинки билим берүү — бул жогорку класстардагы профилдик окутуунун ажырагыс көпүрөсү. Бул кадам окуучуларды мектеп партасынан тартып эле келечектеги эмгек рыногуна багыттоо менен бирге, алардын сапаттуу, терең жана максаттуу билим алуусуна жол ачат. Реформанын негизги утушу — ар бир баланын жеке потенциалын өз убагында ачып берүү болуп саналат.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер