БИЛИМДЕГИ ӨНӨКТӨШТҮК: КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДЫН РЕКТОРЛОРУНУН III ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ

  • 29.07.2026
  • 0

Бүгүн Ысык-Көл облусунда «Кыргызстан менен Өзбекстандын университеттеринин стратегиялык өнөктөштүгү: кызматташуунун инновациялык моделдери, академиялык интеграция жана жогорку билим берүүнү, илимди жана инновацияларды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү» аттуу темада Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форуму өтүүдө.

Аталган форум Өзбекстан Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына күтүлүп жаткан мамлекеттик сапарына даярдык көрүүнүн алкагында уюштурулуп, ага эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери, мамлекеттик органдардын, ошондой эле илимий жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү  катышууда.

Иш-чаранын алкагында пленардык жыйын, эки мамлекеттин жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумдарга жана макулдашууларга кол коюу аземдери, студенттик стартаптардын атайын көргөзмөсү өтөт. Ошондой эле катышуучулар билим берүү, илим жана бизнестин интеграциясы, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен билим берүү программалары менен илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү маселелерине арналган панелдик сессияларда пикир алышат.

Бул форум Кыргызстан менен Өзбекстандын университеттеринин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого, эл аралык академиялык байланыштарды кеңейтүүгө жана жогорку билим берүү, илим, инновациялар тармагындагы биргелешкен демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууга өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болуп саналат.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер