УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНА АЙТМАТОВДУН ЭСТЕЛИГИ КОЮЛДУ

  • 14.12.2020
  • 0

12-декабрда Улуттук илимдер академиясында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган эстелик коюу жана аны эскерүү аземи өттү.

УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНА АЙТМАТОВДУН ЭСТЕЛИГИ КОЮЛДУ

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекеси учурунда академик, Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев жазуучунун эстелигин Улуттук илимдер академиясынын короосуна коюу тууралуу маселени көтөрүп чыккан.

УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНА АЙТМАТОВДУН ЭСТЕЛИГИ КОЮЛДУ

Иш-чарага КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев, КР Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы К.Б. Базарбаев, КР  Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнун башчысы Ж.У. Саралаева, КР Маданият, маалымат жана туризм министри Н. Кадырбеков, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, академиктер, жалпы эле чыгармачылыгына таазим кылган замандаштары катышып, Улуу инсан  жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов тууралуу эскерип, ой-бөлүшүштү.

Бөлүшүү

Комментарийлер