УЛУТТУК ХОРЕОГРАФИЯ — МАДАНИЙ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАНА МЕКЕНЧИЛДИК ТАРБИЯНЫН НЕГИЗИ
- 05.11.2026
- 0
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунун 90 жылдык мааракесине, ошондой эле кыргыз балет өнөрүнүн сыймыгы, легендарлуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына карата кеңири масштабдагы хореографиялык билим берүү жана чеберчиликти жогорулатуу жумалыгы болуп өтүүдө.

Улуттук сыймык, муун аралык байланыш жана хореографиялык чеберчилик
2026-жылдын 29-октябрынан 7-ноябрына чейин созулган бул салтанаттуу иш-чара маданий билим берүүнү тереңдетүү, жаш муундарга мекенчилдик тарбия берүү жана улуттук бий өнөрүн жаңы деңгээлге көтөрүү максатын көздөйт.
Иш-чаранын ачылышында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, филология илимдеринин кандидаты, профессор Түмөнбай Колдошов катышуучуларды куттуктап, маданий билим берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Эскерүүлөр жана киришүү бөлүмүндө КРнын эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор Рейна Чокоева кыргыз балетинин түптөлүшү, тарыхка зор салым кошкон легендарлуу инсандар тууралуу баалуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.
Интенсивдүү программа жана мастер-класстар
Жумалыктын алкагында өлкөнүн мыкты хореографтары, КРнын эмгек сиңирген ишмерлери жана педагогика тармагынын чеберлери тарабынан теориялык жана практикалык лекциялар өткөрүлдү.

Маселен, Лилия Мельникова жана Айын Акыбаева классикалык машыгуулардын элдик бийди өнүктүрүүдөгү ролу боюнча мастер-класстарды өткөрүшсө, Азиза Минжылкиева менен Гүлнар Кадралиева кичүү топторго классикалык бийдин баштапкы негиздерин үйрөтүштү. «Сейтек» БӨУБнун директору Эрик Латыпов «Боз инген» кыргыз бийин, ал эми «Шаттык» ансамблинин жетекчиси Сырга Латыпова орус элинин «Ложкари» бийин чагылдырып беришти.


Ал эми Наталья Нещерет «Ушу-кунфу» секциясы аркылуу чыгыш тажрыйбаларын машыгуу процессине киргизүү жолдорун көрсөттү. Гүлжамал Шамыралиева бий композициясын сахналаштырууну, Ирина Унгер сахна костюмдарынын өзгөчөлүктөрүн, ал эми Бакыт Койкелов актёрдук чеберчиликтин сырларын ачып беришти.

Б. Бейшеналиева атындагы университеттин базасында Елена Овчинникова балет медицинасынын анатомиясы, Светлана Садыркулова Кыргызстандын хореографиялык искусствосу тууралуу лекция окушту. Ошондой эле Ирина Соломко патриоттук бийлерди коюу, Мадина Маженова тарыхый «Полонез» бийи, Екатерина Белоус заманбап модерн жана Андрей Чернега джаз-модерн менен степ багыттары боюнча машыгууларды өткөрүштү.



Маданий жумалыктын соңунда — 7-ноябрь күнү «Сейтек» борборунун сахнасында кичүү топтордун салтанаттуу концерти өтөт. Сахнада өлкөбүздүн алдыңкы хореографиялык коллективдери: «Шаттык» элдик үлгүлүү бий ансамбли, «Улыбка» элдик үлгүлүү хореографиялык ансамбли, «Ариет» жана «Алмаз» хореографиялык ансамблдери. Иш-чаранын финалдык бөлүгүндө катышуучуларга сертификаттар тапшырылат. Сертификаттарды кыргыз балетинин сыймыгы Рейна Чокоева жана ректор Түмөнбай Колдошов жеке өздөрү тапшырып, жаш таланттарга жана маданият кызматкерлерине ак баталарын беришмекчи.
Бул маданий саамалык Кыргызстандын хореография өнөрүн жаңы бийиктиктерге көтөрүүдө жана өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке, сулуулукка тарбиялоодо олуттуу кадам болду.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”