УҢГУЖОЛДУН УЮТКУСУ — ЭНЕ ТИЛ: №93 МЕКТЕПТЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖУМАЛЫГЫ ӨТТҮ
- 05.11.2026
- 0
Бишкек шаарындагы №93 жалпы билим берүү орто мектебинде эне тилдин кадыр-баркын көтөрүү жана улуттук баалуулуктарды жайылтуу максатында «Уңгужолдун уюткусу — эне тил» аттуу кыргыз тили жана адабияты жумалыгы салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. 
Буга чейин аталган билим очогунда мектеп директору А. Д. Абдылдаеванын демилгеси менен жаш муунду улуттук нарк-насилге тарбиялоого багытталган «Нарктуу мектеп — келечектин күзгүсү» аттуу масштабдуу иш-чара уюштурулган болсо, бул ирет эне тил жумалыгы анын татыктуу уландысы катары кеңири кулач жайды. 
Жумалыктын алкагында окуучулардын чыгармачылык, интеллектуалдык жана көркөм өнөр жөндөмдүүлүгүн ачууга багытталган бай программа сунушталды. 
Салтанаттуу ачылыш аземи мектеп окуучуларынын катышуусундагы адабий-музыкалык композиция менен коштолуп, анда жаш манасчылар «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү көркөм айтып, окуучулар залкар акын-жазуучулардын чыгармаларын көркөм окуп, улуттук бийлерди бийлеп, обондуу ырларды жаңыртты. 
Ошондой эле эне тилдин тарыхын жана улуулугун чагылдырган дубал гезиттердин сынагы, окуучулардын кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулду. Мектеп жетекчилиги, кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин усулдук бирикмеси, ата-энелер жана атайын чакырылган коноктор катышкан бул жумалык жаш муундардын эне тилине болгон сүйүүсүн арттырып, нарктуулукту, сабаттуу сүйлөө маданиятын жана мекенчилдик сезимди калыптандырууга зор салым кошту.
А.К., «КБ»