ӨСПҮРҮМДӨР КООПСУЗДУГУ ЖАНА ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ: БАШКЫ ПРОКУРАТУРАДА ЖУМУШЧУ ЖЫЙЫН ӨТТҮ
- 05.11.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманованын демилгеси менен үй-бүлөлүк зомбулукка жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелерине арналган жумушчу жыйын болуп өттү. Ага укук коргоо органдарынын, тиешелүү министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышып, коомдогу курч көйгөйлөрдүн алдын алуу, жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын себеп-кесепеттерин аныктоо жана бул багытта ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүү жолдорун талкуулашты. 
Жыйындын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу ар бир кайрылууга өз убагында ыкчам чара көрүү, жабыр тарткандардын мыйзамдуу укуктарын коргоо, мыйзам бузуулардын кайталанышына жол бербөө жана балдардын коопсуздугун камсыздоо маселелерине өзгөчө басым жасалды. 
Талкууда ошондой эле жаш муундардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, мектеп окуучуларынын бош убактысын натыйжалуу жана пайдалуу уюштуруу, үй-бүлө менен билим берүү мекемелеринин жоопкерчилигин бекемдөө зарылдыгы каралды. 
Катышуучулар өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алууда укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик жана педагогикалык жамааттар биргелешип иш алып барганда гана тутумдуу натыйжага жетишүүгө болорун белгилешти.
А.К., «КБ»