МЕКЕНДИ СҮЙҮҮ — ЫЙЫК ПАРЗ: КЫЗЫЛ-КЫЯДАГЫ МЕКТЕПТЕ АЧД КАБИНЕТИ АЧЫЛДЫ
- 05.11.2026
- 0
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылындагы М. Күрөңкеев атындагы №11 орто мектебинде полковник Азизбек Кыпчаковдун ысымы ыйгарылган аскерге чейинки даярдоо (АЧД) кабинети салтанаттуу түрдө ачылды. 
Жаш муундарды мекенчилдикке жана аскердик тартипке тарбиялоого багытталган бул саамалык Республикалык «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин төрагасы Жайлообай Эшанкуловдун демилгеси менен ишке ашып, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Агартуу министрлиги тарабынан колдоого алынган. Аталган коомдук бирикменин демилгеси менен республика боюнча ушуну менен 27-АЧД кабинети эшигин ачты. 
Иш-чарага демөөрчүлүк кылган Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Сайдумар Жороев көмөк көрсөтсө, маркум полковник Азизбек Кыпчаковдун бир туугандары жана үй-бүлөсү окуучулар үчүн атайын аскердик формаларды белекке тапшырышты. Салтанаттуу аземге коомдук бирикменин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жыпаргүл Дүйшеева, укук коргоо жана чек ара органдарынын кызматкерлери, согуш ардагерлери, мектеп директору Мастура Бакирова баштаган педагогикалык жамаат катышты. 
Иш-чаранын жүрүшүндө жаштарды патриоттук тарбиялоого салым кошкон бир катар инсандарга коомдук бирикменин төш белгилери тапшырылып, соңунда полковник Азизбек Кыпчаковдун жаркын элесине багышталып Куран окутулду. 
Жаңы жабдылган кабинет окуучулардын Ата Мекен алдындагы жоопкерчилигин бекемдеп, аскердик билимге кызыгуусун арттырууга кызмат кылмакчы.