«УЛУТТУК ДЕМ – ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК»: КАЙЫҢДЫДА ӨТКӨН РУХАНИЙ ИШ-ЧАРА
- 24.11.2025
- 0
2024-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгулуу жолуна багытталган Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана жаш муундун руханий дүйнөсүн байытуу максатында өзгөчө мааниге ээ иш-чара өткөрүлдү.

Бул маанилүү иш-чара Кайыңды шаарындагы №3 жалпы билим берүү орто мектебинде Кыргыз Мамлекеттик көркөм сүрөт окуу борбору менен биргеликте уюштурулуп, мекенчилдик сезимди ойготуп, чыгармачылыкка шыктандырууну, ошондой эле жаштарды кесипти туура тандоого багыттоону көздөдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө көркөм сүрөт окуу жайынын таланттуу студенттери тарабынан даярдалган кооз сүрөт көргөзмөсү коюлуп, улуттук кол өнөрчүлүктүн, маданияттын жана эстетиканын ажайып үлгүлөрү коомчулукка тартууланды. Ошондой эле Кайыңды №3 мектебинин педагогикалык жамааты тарабынан даярдалган этно-фуршет улуттук даамдардын түрдүүлүгү менен катышуучулардын көңүлүн бурду. Мектеп окуучулары өз өнөрлөрүн тартуулап, ыр-бий, кол өнөрчүлүк жана сахналаштырылган чыгармалар аркылуу өздөрүнүн чыгармачылык дараметин көрсөтүштү.

Бул иш-чарага Панфилов районундагы Ж.Болотбеков, А.Райымкулов, К.Ибраималиев жана К.Жумагулов атындагы жалпы билим берүү мектептеринин 9-класстарынын окуучулары жана мугалимдери да катышып, иш-чаранын мазмунун байытып, өз ара тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.
Бул сыяктуу иш-чаралар жаш муундун улуттук аң-сезимин калыптандырууга, чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө жана келечектеги кесиптик жолун аныктоого чоң түрткү берет. “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” урааны астында өткөн бул күн, катышуучулардын жүрөгүндө унутулгус таасир калтырды.
Нуриза БОЛОТБЕКОВА, Панфилов району
Комментарийлер