УЛУТТУК БИРИМДИК ЖАНА РУХАНИЙ ТАРБИЯ: МАНАС ШААРЫНДА «КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ» КОНЦЕПЦИЯСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 14.08.2026
  • 0

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында 2027–2031-жылдарга карата «Кыргыз жараны» улуттук биримдик концепциясын ишке ашырууга арналган маанилүү иш-чара болуп өттү. Жыйын коомдогу ынтымакты бекемдөөгө, жаш муундарды адеп-ахлактыкка жана мекенчилдикке тарбиялоого багытталды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги тарабынан уюштурулуп, шаардык администрациянын жыйындар залында өткөрүлдү. Жыйынга мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, дин кызматкерлери, хатибдер жана жергиликтүү тургундар катышты. УЛУТТУК БИРИМДИК ЖАНА РУХАНИЙ ТАРБИЯ: МАНАС ШААРЫНДА «КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ» КОНЦЕПЦИЯСЫ ТАЛКУУЛАНДЫНегизги максат — коомдогу ынтымакты жана биримдикти бекемдөө, ар түрдүү этностордун жана диний жамааттардын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү арттыруу, ошондой эле жарандык жоопкерчилик менен жалпы улуттук баалуулуктарды даңазалоо болду. Өзгөчө көңүл жаштардын руханий-адеп-ахлактык тарбиясына жана алардын коомдогу ордуна бурулду.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нематулла ажы Жээнбеков өз сөзүндө коомдогу тынчтыкты, ынтымакты жана биримдикти сактоодогу дин кызматкерлеринин жоопкерчилигине токтолду.

«Улуттук биримдикти бекемдөөдө ар бир жарандын орду өзгөчө. Мамлекет менен диний уюмдардын өз ара кызматташтыгы коомдун туруктуулугуна жана руханий өнүгүүсүнө маанилүү салым кошот. Дин кызматкерлери коомдо ынтымакты, сабырдуулукту жана өз ара урмат-сыйды жайылтууда үлгү болушу керек. Биз жаш муундарды мекенчилдикке, адептүүлүккө жана өлкөнүн өнүгүшүнө активдүү салым кошууга чакырышыбыз зарыл», — деп баса белгиледи Нематулла ажы.УЛУТТУК БИРИМДИК ЖАНА РУХАНИЙ ТАРБИЯ: МАНАС ШААРЫНДА «КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ» КОНЦЕПЦИЯСЫ ТАЛКУУЛАНДЫЖыйындын жүрүшүндө катышуучулар диний жана этностук чөйрөлөрдө өз ара түшүнүшүүнү арттыруу, жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу жана билим берүү мекемелери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча пикир алмашып, бир катар сунуштарды талкуулашты.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар коомдогу тынчтыкты, ынтымакты жана туруктуулукту көздүн карегиндей сактоо — жалпы коомчулуктун орток милдети экенин белгилешти.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер