УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАР — ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАНЫН ӨЗӨГҮ

  • 04.05.2023
  • 0

Касиеттүү каада-салт, уңгулуу үрп-адат, улуттун кан-жаны менен жаралган улуу кеп эч качан сатылбайт да, белекке берилбейт. Ал элдин рухий дүйнөсүндө иштелип чыгып, атадан-балага түбөлүк көөнөрбөс мурас катары калтырылып келет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарк» жөнүндөгү Жарлыгынын негизинде жаштарга руханий тарбия берип, жан дүйнөсүн улуттук баалуулуктар менен байытууда шаарыбыздын агартуу тармагынын мугалимдер жана окуучулар жамааты жигердүү эмгектенип келатышат. Бул багытта өткөн жылы»Улуттук тарбия — руханий өнүгүүнүн негизи» деген темада республикалык семинар жогорку деңгээлде өткөрүлгөн. Жакында дагы жогорудагыдай аталыштагы семинар Фрунзе атындагы №3 орто мектебинде болуп өттү.
Семинардын алгачкы бөлүгүндө мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Камчыбекова Айнура ачык сабагын өтүп, өзүнүн 20 жылдык чыгармачылык отчётун берди.
Семинардын жүрүшүндө кыз-балдардан түзүлгөн эки топтун ортосунда «Сармерден» оюну көрсөтүлдү. Мында манас айтылып, макал, жаңылмачтар, комуз күүсү жаңырды. Каада-салт жөрөлгөлөрү көрсөтүлүп, элдик ыр-бийлер аткарылды. Айрыкча «эрке бала» менен «шайыр кыздын» аткаруу чеберчилиги калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн алкоосуна татыды. Иш-чаранын катышуучулары, коноктору бул күнкү семинарга жогорку баа беришти.

Байыш МҮСҮРАЛИЕВ, Кара-Көл шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер