УЛУТТУ УЛУТ КЫЛГАН — ТИЛ!
- 23.09.2020
- 0
Ушундай аталыштагы онлайн иш-чара 22-сентябрда Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде өттү.
Ал «Кыргыз тили» гимнин аткаруу менен башталып, андан соң Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышын чагылдырган тарыхый видео көрсөтүлдү. Катышуучуларды жана кыргыз элин университеттин ректору А.Абдыкалыков онлайн куттуктады https://youtu.be/WDtt2Vvf5i8.
Иш-чаранын уюштуруучусу кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы М.Карыбекова дагы Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, тил жумалыгынын жыйынтыгын жарыялады.
- 14-сентябрдан тартып 21-сентябрга чейин өткөрүлгөн «Улутту улут кылган — тил!» деген аталыштагы жумалыктын алкагындагы окутуучулар арасындагы «Кыргыз тилиндеги мыкты видео-сабак» сынагынын жыйынтыгы https://youtu.be/3dePShca4EI тааныша аласыздар;
- «Келгиле, тилибизди даңктайлы» көркөм окуу сынагынын жеңүүчүлөрүнүн видеолору https://youtu.be/nR1gJzChAf8
- «Менин тилим-менин дилим» деген аталыштагы дил баян жазуу сынагынын жеңүүчүлөрү https://youtu.be/n-CIt9laqa4
- «Сабаттуулук – кыргыз тилин өнүктүрүүнүн башаты» — тандалып алынган презентациялар https://youtu.be/uOWHdKa-SpU
- «Автордук ырлар сынагы (1-курстун студенттери арасында) https://youtu.be/rX4HTRuVqXY
Бардык жигердүү катышкан окутуучуларга жана студенттерге уюштуруучулар тарабынан Ардак грамоталар тапшырылат.
Бөлүшүү
Комментарийлер