УЛУТ ЖҮЗҮ – АК КАЛПАК
- 05.03.2020
- 0
Кара-Көл шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №1 мектеп-гимназиясында 5-март Ак калпак күнү өзгөчө маанайда белгиленди.
«Калпак – кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү» аттуу иш-чарада 7-8 –класстардын окуучулары улуттук баш кийимибиз тууралуу акындардын ырларынан көркөм окушса, бүтүрүүчү класстардын класс жетекчилери Турдиева А., Ибраимова Ч, окуучуларга кыргыздын ак калпагынын тарыхынан айтып беришти.
Иш-чарада ак калпакты даңазалаган сүрөт көргөзмөсү да болду. Сүрөт сабагынын мугалими А. Биймурзаевдин жетекчилигинде сүрөткө ышкыбоз окуучулар сүрөт тартышты.
Башталгыч класстардын мугалими Ш.Арыкбаева 2 «Б» класста «Улут жүзү – ак калпак» деген темада класстык саат өттү. Сабакта балдар калпактын жасалыш өзөгөчөлүгүнөн, кыргыздар эзелтен баш кийимди барктап келишкенинен кабар алышты. Майрамдык маанайды көтөрүп, обондуу ыр-бийлер жаңырды.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер