Улут тиреги — тил
- 23.09.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 37 жылдыгына арналган «Улут тиреги — тил» аттуу иш-чара өттү. 
Иш-чара Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун демилгеси менен уюштурулуп, анда кыргыз тилинин тарыхы, бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу маселелер көтөрүлдү. 
Иш-чаранын алкагында кыргыз тил илиминин түптөөчүлөрүнө жана көрүнүктүү өкүлдөрүнө арналган «Кыргыз тилчилери: кечээ, бүгүн, эртең…» аттуу туруктуу экспозиция ачылды. Анда К. Карасаев, Ж. Абдурахманов, К. Тыныстанов жана И. Арабаевдин илимий мурастары, ошондой эле Кыргызстандагы тил илиминин калыптанышы жана бүгүнкү абалы тууралуу маалыматтар камтылган. 
Экспозициянын ачылыш аземин Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун директору, академик Сыртбай Мусаев алып барды. Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары А. Ш. Мадаминов, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кеңешчиси А. Б. Найманбаев, КР УИАнын вице-президенти Г. Т. Ботоканова, И. Арабаевдин тууганы Нурипа Арабаева жана башка чакырылган коноктор сөз сүйлөштү. 
Жолугушууда мамлекеттик тилди билим берүү, медицина жана техникалык тармактарда кеңири колдонуу, кыргыз тилинин терминологиялык базасын өнүктүрүү, ошондой эле тилдин санариптик чөйрөдөгү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерине көңүл бурулду. Катышуучулар кыргыз тилинин коомдук турмуштагы колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү менен катар анын илимий жана санариптик ресурстарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. 
Иш-чаранын соңунда окумуштуу-тилчи Касым Тыныстановдун «Менин басып өткөн жолум» аттуу чыгармалар жыйнагынын бет ачары өткөрүлдү. Жаңы эмгек окумуштуунун илимий жана чыгармачылык мурасын кеңири таанытууга багытталган маанилүү басылмалардын бири катары белгиленди.
А.К., «КБ»