УЛУТ КҮЗГҮСҮ — ТИЛ!

  • 28.09.2021
  • 0

Кара-Суу районундагы №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинде Мамлекеттик тилдин урматына уюштурулган бир айлык иш-чаралар мыкты өткөрүлдү.

УЛУТ КҮЗГҮСҮ - ТИЛ!

Мамлекеттик тилдин 32 жылдык майрамына арнап мектептин кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмеси «Улут күзгүсү — тил» деген темада конкурс уюштуруп, «Асылзат» жана «Аруузат» командаларынын  арасында кызуу таймаш болду.

УЛУТ КҮЗГҮСҮ - ТИЛ!

Бул таймашта командаларга кыргыз элибизде салтка айланып калган саламдашуу, дүйнө элине таанымал «Манас» эпосунан үзүндү аткаруу, ата-бабалардан калган макал, жаңылмач, табышмак айтуу сыяктуу тапшырмалар берилди. Окуучу кыздар шаңдуу музыканын коштоосунда улуттук бий бийлеп, обондуу ыр ырдашты.

УЛУТ КҮЗГҮСҮ - ТИЛ!

Жыйынтыгында, «Аруузат» командасы — 83 упай, «Асылзат» командасы — 73 упай топтоп, «Аруузат» командасы 1-орунду жеңип, Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул сыйлык жаш педагогдор үчүн шык, дем болду.

Замира Атакулова, Кара-Суу району

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер