УЛАНБЕК УСЕКОВ ТҮРКСОЙДУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КАБЫЛ АЛДЫ

  • 19.09.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Уланбек Усеков Анкара шаарында өткөн эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунда “ТҮРКСОЙ – түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү” темасындагы мыкты дилбаяндар сынагынын жана Түрк дүйнөсүнүн жаш сүрөтчүлөрүнүн эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн кабыл алды.

УЛАНБЕК УСЕКОВ ТҮРКСОЙДУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КАБЫЛ АЛДЫ

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Уланбек Усеков окуучуларга ушундай эл аралык деңгээлдеги конкурста Кыргызстандын желегин, атын даңазалап келгендиги  үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да дүйнөлүк аренадагы конкурстарда ийгиликтерди жаратарына  тилектештигин билдирди.

  • Бул жаңылыкты биз чоң кубаныч менен кабыл алдык. Чынында, 50миң окуучунун ичинен алдыга озуп чыгып, алдыңкы орунду багыткантуу силердин эмгек, чоң аракет, жашоого ынтылгандыгыңардын далили болуп эсептелет. Албетте,  бул жеңишке мугалимдердин, ата-энеңердин да салымы зор. Бул бир гана сиздердин жеңиш эмес, сиздер билим алган мектептин, жалпы билим берүү системасынын жеңиши. Буйруса, “Мугалимдердин”  күнүнө мугалимдериңиздерге да ыраазычылык билдиребиз, — деди.

Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙ тарабынан уюмдун түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган сынакка ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн орто мектептеринин 50 миңге жакын дил баян авторлору жана жаш сүрөтчүлөр катышты.

Калыстар тобунун чечими менен Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстандан ар бир номинация жана жаш категориясына жараша үч жеңүүчү аталды.

Сынакта биринчи, экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген алты мектеп окуучусу диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.  Алсак, Балыкчы шаарынын 9- классынын окуучусу Сезима Эсенгелдиева бул эл аралык конкурста биринчи орунду жеңип алса, экинчи орунга Бишкек шаарындагы А.Сыдыков атындагы №72 мектеп-гимназиясынын окуучусу Айбийке Кушбакова, үчүнчү орунга Бишкек шаарындагы No67 окуу-тарбия комплексинин окуучусу Канышай Жумагазиева татыды.

Женүүчүлөр улуттук баалуулуктар, маданият, адабият, көркөм нарктуулуктар жөнүндө мыкты дилбаяндарды жазган.

Түрксой эл аралык уюму жалпы түрк дүйнөсүнөн келген жеңүүчүлөргө Анкара, Стамбулдун тарыхый, маданий жерлерине үч күндүк саякат уюштурду.

Окуучуларга мыкты мотивация берген бул сынак ТҮРКСОЙдун тарыхында биринчи жолу уюштурулду жана жыл сайын салтка айланмакчы. Экинчи сынак Ашхабад шаарында өтөт.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер