УЛАНБЕК УСЕКОВ ОМСК ОБЛУСУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ЖОЖдордун КЫЗМАТТАШТЫГЫН ТАЛКУУЛАДЫ

  • 20.04.2023
  • 0

20-апрелде билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков Россия Федерациясынын Омск облусунун билим берүү министринин орун басары Елена Корчагина баштаган делегацияны кабыл алды.

УЛАНБЕК УСЕКОВ ОМСК ОБЛУСУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ЖОЖдордун КЫЗМАТТАШТЫГЫН ТАЛКУУЛАДЫ

Уланбек Усеков Омск облусунун жогорку окуу жайлары жана илимий-изилдөө мекемелери менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Жолугушууга Кыргызстандын университеттеринин ректорлору, Омск облусунун жогорку окуу жайларынын жана илимий мекемелеринин жетекчилери катышты.

Тараптар илимий долбоорлорду уюштуруу, студенттердин практикасы, конок лекциялары, академиялык мобилдүүлүк маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер