УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИН АНГЛИС ТИЛИНЕ ОКУТУУ БОЮНЧА ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ КИРГИЗҮҮГӨ КАТЫШТЫ

  • 10.02.2023
  • 0

9-февралда билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов STEAM билим берүү үчүн англис тилин (ESTEAM) жана англис тилин (SNER) окутуу тармагындагы улуттук реформаларды колдоо боюнча долбоорлордун бет ачар аземине катышты.

УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИН АНГЛИС ТИЛИНЕ ОКУТУУ БОЮНЧА ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ КИРГИЗҮҮГӨ КАТЫШТЫ

Уланбек Мамбетакунов англис тилинин учурдагы маанилүүлүгүн баса белгилеп, долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтерди каалады. Ошондой эле министр мектеп окуучулары үчүн англис тилинде сабак өттү.

Ал эми  “Lingua” инновациялык билим берүү коомдук фондунун директору Гүлнара Назарбекова долбоорлорду ишке ашырууда министрликтин колдоосуна ыраазычылык билдирип, англис тилинин бир айлыгынын жарыяланышы жаштарга стимул болорун белгиледи.

“Lingua” инновациялык билим берүү коомдук фонду SNER долбоорунун алкагында 880 англис тили мугалимдерин фонд тарабынан иштелип чыккан жана Билим берүү министрлиги тарабынан орто мектептерде колдонууга сунушталган окуу китептери боюнча окутууну пландаштырууда. ESTEAM долбоорунун алкагында фонд 400 физика, химия жана биология мугалимдери үчүн 128 сааттык англис тили курсун уюштурат.

Долбоорлор АКШ Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер