УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ: “БИЗДИН МИЛДЕТ – БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН КАЙРА КУРУУГА ЖИГЕРДҮҮ САЛЫМ КОШУУ”

  • 17.01.2025
  • 0

2024-жыл жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлиги бөбөктөрдү бала бакча менен камсыздоо 28,3 пайыздан 44,3 пайызга жеткенин расмий билдирди. Эгерде бала бакча менен 100 пайыз камсыздоого жетише турган болсок, эң жок дегенде эле дагы 20 миңге жакын адис талап кылынат. Союз жылдарында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин адистери В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунда гана (азыркы И.Арабаев атындагы КМУ) даярдалса, эгемендикке ээ болгон жылдары үстөккө босток ачылган жогорку окуу жайларынын бирөөндө да ачылган эмес. Былтыр Бишкектеги Т.Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжине институт макамы ыйгарылып, аларга мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин адистерин даярдоо милдети жүктөлдү. Аталган институт 1966-жылы музыкалык-педагогикалык училище болуп түзүлгөн. 1992-жылы макамы колледж болуп өзгөртүлүп, 2011-жылы кыргыз композитору Таштан Эрматовдун ысымы ыйгарылган. 2024-жылы колледж өзүнүн статусун институтка өзгөрттү.
Биздин маек төрдө — Бишкектеги Т.Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык институтунун ректору Уланбек МАМБЕТАКУНОВ.

– Уланбек Эсенбекович, өзүңүз жакшы билгендей, билим берүү системасы чоң трансформация жолуна түшкөн убагы. Сиз жетектеген институттун жамааты ушул өзгөрүүлөргө кандай салым кошуп жатасыздар?

– Ооба, бүгүнкү күндөгү билим берүүнүн трансформациясы баарына таасир этери ырас. Процесс мектепке чейинки жана мектеп системасынын түзүмүндө гана эмес, билим берүүнүн мазмунунда жана педагогикалык кадрларды даярдоодо да конструктивдүү өзгөрүүлөр менен коштолууда. Ал эми билим берүү мекемелеринин жаңы чакырыктарга ыңгайлашуусу маанилүү. Ошондуктан биздин институт башкалар сыяктуу эле бул өзгөрүүлөрдө маанилүү ролду ойнойт.

Биз азыр окуу программаларын заманбап талаптарга жана стандарттарга жооп бергидей кылып жаңылоонун үстүндө иштей баштадык. Жаңы билим берүү технологияларын, анын ичинде онлайн курстарды жана билим берүүнүн гибриддик формаларын изилдеп жатабыз, анткени биз студенттерибиз өздөрүнө ыңгайлуу форматта сапаттуу билим ала алуусун камсыздоого жетишүүбүз керек. Мындан тышкары, мугалимдик кесиптин ийгиликтүү болушу үчүн зарыл болгон чыгармачылык жана кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө көп көңүл бурулат. Биздин милдет – билим берүү системасын кайра курууга жигердүү салым кошуу, өзгөрүүлөрдүн шарттарында ийгиликтүү иштеп, өлкөбүздүн маданиятын жана билимин өнүктүрүүгө салым кошо ала турган студенттерди даярдоо.

– Мектепке чейинки тарбиячыларды даярдоого кандай көңүл бурулуп жатат?

– Мектепке чейинки билим берүүчү педагогдорду даярдоодо чындап эле көп суроолор бар жана алар актуалдуу бойдон калууда. Биз мектепке чейинки билим берүүнү трансформациялоо билим берүү ыкмаларын иштеп чыгууну гана эмес, ошондой эле заманбап шарттарда жашоого даяр болууга тийиш болгон жаңы типтеги адамды калыптандыруу деп түшүнөбүз. Бирок бул адам кандай болот? Бул өзүбүзгө берген негизги суроолордун бири.

Тиешелүү багыттарда окуган болочок мугалимдер кичинекей адам кандай болушу керек, анын муктаждыктары, кызыкчылыктары жана өнүгүү өзгөчөлүктөрү жөнүндө так түшүнүккө ээ болушу биз үчүн маанилүү. Бул студенттердин эмпатиясына, балдардын индивидуалдык өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурууну, алардын чыгармачылык жана когнитивдик потенциалын колдоо жана өнүктүрүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө кантип жардам берүү керектиги жөнүндө терең ойлонууну талап кылат.

– Мындан он-жыйырма жыл мурда бала бакчаларда иштей турган тарбиячыларды даярдоо менен азыркы учурдун тарбиячыларын даярдоонун айырмасы асман менен жердей болуп жатпайбы. Бүгүн бизге заман талабына жараша креативдүү ой жүгүртө билген, тиешелүү шаймандар менен иштей билген жана балдардын мүдөө-муктаждыктарына илгиртпей жооп бере алган адистер керек. Баланын билим-тарбиясы бала бакчадан түптөлөт эмеспи.

– Туура, бизде мектепке чейинки билим берүүчү адис, тагыраагы, бүгүнкү күндүн тарбиячысы өзү кандай болушу керек деген суроо өтө актуалдуу болууда. Бул жаатта тарбиячы жөн гана педагог эмес, жоопкерчиликтүүлүгү жогору, баланын алгачкы жылдарда анын өнүгүшүнө тийгизген таасиринин маанисин терең түшүнгөн насаатчы болууга тийиш деп эсептейбиз. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогдорун даярдоого коюлган талаптар психологиянын жана педагогиканын теориялык негиздерин билүү гана эмес, ошондой эле аларды практикада колдоно билүү, балдардын оюндун, баарлашуунун жана чыгармачылыктын шарттарында өнүгүүсү үчүн мейкиндикти түзүүнү камтыйт.

Биз мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогдорун даярдоо көп кырдуу болушу керек жана коомдун заманбап чакырыктарын, окутууга болгон мамилени өзгөртүүнү, ошондой эле баланын гармониялуу инсанын калыптандырууда билим берүүнүн ролун эске алуу керек деп ишенебиз. Бул бизден окуу программаларын өркүндөтүү боюнча тынымсыз иштөөнү, окутуунун инновациялык методдорун киргизүүнү жана билим берүү мекемелериндеги турмуштук практика менен активдүү өз ара аракеттенүүнү талап кылат.

Биз бул суроолорду өзүбүзгө коюп, жооп издөөнү улантып жатабыз, анткени мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын сапаттуу даярдыгы келечек муунду калыптандыруунун негизи болуп саналат.

– Заманбап педагогикалык кадрларды даярдоого эмне тоскоолдуктар болушу мүмкүн? Менимче, тиешелүү технологиялар менен камсыздоодо эч кандай көйгөй болбошу керек ко?

– Заманбап педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатына жана натыйжалуулугуна таасир этүүчү бир катар жалпы тоскоолдуктар бар. Биринчиси, кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоонун жетишсиз системасы. Учурдагы мугалимдерди даярдоо программалары көбүнчө заманбап талаптарга жана тез өзгөрүп жаткан билим берүүгө жооп бербейт. Окутуунун программалары эскирген болушу мүмкүн жана заманбап технологияларды, окутуунун жаңы ыкмаларын жана мектеп окуучуларынын учурдагы керектөөлөрүн эске албайт. Экинчиси, практикалык даярдыктын жоктугу. Мугалимдерди даярдаган көптөгөн окуу жайларында көбүнчө окуунун теориялык бөлүгүнө гана басым жасалып, ал эми практикалык окуу, чыныгы студенттер менен баарлашуу жана конкреттүү педагогикалык маселелерди чечүү экинчи планда калууда. Бул окуучулардын класста аткаруу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн чектейт. Ал эми үчүнчүсү, эмгек акынын аздыгы жана эмгек шарттары. Чындыгында бул маселени биринчи орунга койсо болот. Анткени айлык акынын аздыгы жана начар эмгек шарты студенттердин мугалимдик кесипти тандабай “аттап” өтүүсүнө түрткү болууда. Дагы бир, өтө маанилүү себеби – бул ресурстардын жана инфраструктуранын жетишсиздиги. Билим берүү мекемелери мугалимдерди сапаттуу окутуу үчүн керектүү ресурстар менен дайыма камсыздай албайт, мисалы, жаңыланган окуу материалдары, компьютердик техника жана заманбап билим берүү платформаларынын жетишсиздиги да тоскоолдуктарды жаратат. Ошондой эле дагы бир тоскоолдугу – үй-бүлө жана коом менен эффективдүү эмес өз ара аракеттенүү. Педагогика окуучулардын жана алардын ата-энелеринин суроо-талаптарын жана керектөөлөрүн эске алышы керек, бирок көбүнчө педагогикалык жамаат үй-бүлө жана коом менен өз ара аракеттенүү процессине жетишерлик катышпайт, бул жекече мамиленин мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.

Ушунун баары комплекстүү мамилени, билим берүү программаларын жаңыртууну, эмгек шарттарын жакшыртууну жана кесиптин статусун жогорулатууну талап кылат.

– Уланбек Эсенбекович, азыркы учурда ар бир окуу жай алыскы жана жакынкы мамлекеттердин окуу жайлары менен билим берүү жаатында алака түзүп мобилдүүлүктү ишке ашыруу багытында алгылыктуу аракеттерди көрүп жатат. Сиздерде кандай?

– Ооба, студенттердин жана мугалимдердин мобилдүүлүгүн ишке ашыруу бул замандын талабы. Ошондуктан, биз эл аралык байланыштарды активдүү өнүктүрө баштадык, бул чет өлкөлүк окуу жайлары жана мугалимдердин билим берүү тармагындагы адистер менен тажрыйба жана билим алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Окуу жайда Алматы шаарынын мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык колледжи, Абай атындагы Чыгыш-Казакстан гуманитардык колледжи, Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университети, РФдагы Шадринск мамлекеттик педагогикалык университети, Ташкент шаарындагы Пучон университети, Акмула атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети менен келишимдер түзүлүп, айрым биргелешкен иш-чаралар аткарылууда. Абай атындагы Чыгыш-Казакстан гуманитардык колледжи менен кызматташтыктын алкагында биздин студенттерибизге бир жолку стипендия ыйгарылды.

– Институттун ишмердүүлүгүнөн дагы эмнелерди белгилейт элеңиз?

– Институтта бардык адистиктерге бирдей көңүл бурууга аракеттенебиз. Анткени билим берүү системасында бардык адистиктерибиз чоң суроо-талапка ээ.

Мугалимдер үчүн, түзмө-түз өткөн жылдын соңунда “Жакшы иштердин мезгили” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы Россотрудничествонун колдоосу менен Эл аралык мектепке чейинки билим берүү педагогикалык академиясынын өкүлдөрүн чакыруу менен өнүктүрүүчү билим берүү боюнча семинар өткөрдүк.

Институт ошондой эле студенттик жашоону жакшыртуу үчүн ар кандай иш-чараларды байма-бай өткөрүп келет. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасынан “Атасын күткөн баланын сезимдери” деген темада дилбаян сынагын өткөрдүк. Сынакка студенттерибиз чоң кызыгуу менен катышты. Учурда студенттерибиздин ыр жыйнагын даярдап жатабыз. Институттун сахнасында музыкалык кечелерден тышкары болочок студент-мугалимдер үчүн ачык сабактар өткөрүлүп турат. Ошол сахна биздин студенттердин ырдап, бийлей турган жери гана эмес, көрсөтмөлүү сабактарды да өткөрө турган жери болуп калды.

– Кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ишиңиздеги ийгиликтериңиз арбый берсин!

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер