УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ РОССКЫЗМАТТАШТЫК ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ

  • 07.12.2022
  • 0

6-декабрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Кыргыз Республикасындагы Роскызматташтыктын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зулхарнеев менен жолугушту.

УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ РОССКЫЗМАТТАШТЫК ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ

Алар 2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын жарандарын Россиянын ЖОЖдорунда окутууга квота берүү, жалпы билим берүү уюмдарында орус тилин окутууну жакшыртуу боюнча долбоорлорду, эки өлкөдө илимий-билим берүү иш-чараларын уюштурууну талкуулашты.

Тараптар социалдык-гуманитардык кызматташууну кеңейтүү үчүн күч-аракеттерди жумшоону макулдашышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер