УКМКнын УКУРУГУ МЕКТЕПКЕ ЖЕТТИ

  • 14.03.2022
  • 0

Чүй облусунун Москва жана Панфилов райондорундагы орто-жалпы билимди сырттан окуган окуучуларга жасалма аттестат берилип жүргөн коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Алардан алынган маалымат боюнча туруктуу иштеп келаткан коррупциялык схеманын жардамы менен орто билим жөнүндө мындай мыйзамсыз аттестат көптөн бери берилип жүргөн.

Ушул эле маалымат булагы билдиргендей, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары өздөрү башка өлкөдө болсо да, ортомчулар аркылуу мектеп жетекчилерине кайрылып, жалган тизме боюнча каттоодон өтүп турушкан. Кардарлар аларды сабактарга катыштырбай, мамлекеттик экзамендерден “аттатып” өтүүдө көрсөткөн мыйзамсыз кызматын 300-600 Америка долларына баалашкан.

Болжолдуу маалыматтар боюнча Кыргызстандан сыртта жүргөн 52 адам аттестат алган.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер