УИАда ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТ

  • 29.11.2022
  • 0

Канат Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп шайланды. 28-ноябрда УИА жетекчисин шайлоо жыйынына КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

УИАда ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТ

УИАдан алынган маалыматка ылайык, Абдрахматов аталган кызматка жалгыз талапкер болгон, ал 15-ноябрдан бери Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткарып жаткан.

Абдырахматов 69 жашта, буга чейин Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Сейсмология институтунда директор кызматын аркалаган. Ал буга чейин Сейсмология институтун жетектеп келген.

Кошумчалай кетсек, КР УИАны 2017-жылдан ушул мезгилге чейин мекемени Мурат Жуматаев жетектеп келген.

Бөлүшүү

Комментарийлер