УИАДА ТУРДАКУН УСУБАЛИЕВДИН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНЕТ

  • 23.10.2019
  • 0

24-октябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында  көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмер Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган “Мамлекетти башкаруу маселелери (ХХ кылымдын 60–80-жылдары): келечекти көрө билүү жана акыйкаттык” деген аталыштагы эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясы өтөт.

Иш-чаранын максаты ошол мезгилдеги Кыргызстандагы социалдык-экономикалык, коомдук-саясий жана маданий өзгөрүүлөр өсүштөр жана бул процесстердеги Т. Усубалиевдин жетекчи катары ишмердүүлүгүнө илимий баа берүү болуп саналат.

Конференцияга окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, коомдук ишмерлер, республиканын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн окумуштуулары катышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер