УИАда КӨЧМӨН ЭЛДЕРДИН СОЦИАЛДЫК, САЯСИЙ ЖАНА МАДАНИЙ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНАТ

  • 20.06.2018
  • 0

21-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында “Заманбап айдыңдагы байыркы жана орто кылымдардагы көчмөн коомдор мейкиндик жана убакыт аралыгында” аталышындагы эл аралык илимий конференцияга өтөт.

Аталган иш-чара Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жана Алтай цивилизациясы боюнча мамлекеттик программасынын алкагында өткөрүлүп, кыргыз элинин белгилүү археологу И.Кожомбердиевдин 90 жылдыгына арналат. Конференцияда археологиялык, этнографиялык жана тарыхый материалдардагы Борбордук Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын көчмөн коомдорунун социалдык, саясий жана маданий маселелери талкууланат.

Конференцияда төмөндөгүдөй багыттар боюнча докладдар окулат:

  1. Археологиялык эстеликтердеги көчмөн маданият. Көчмөн коомдорунун коомдук өнүгүүсүнүн спецификасы.
  2. Көчмөн коом: цивилизациясы, формациялары жана этаптары;
  3. Кыргыздардын жана башка түрк элдеринин салттуу дүйнө таанымы;
  4. Түрк көчмөн коомдорунун этномаданий процесстери жана тенденциялары;
  5. Окумуштуулардын Борбор Азиянын көчмөн элдеринин тарыхына болгон концептуалдуу көз караштары;
  6. Көчмөн элдеринин иденттүүлүгүнүн маселелери.

Иш-чараны КР УИАнын  Тарых жана маданий мурас институту, КРнын Билим жана илим министрлигине караштуу Илим департаменти, КР Президентинин Аппаратынын алдындагы “Мурас” фонду жана Ж.Баласагын атындагы Улуттук университети уюштурууда. Конференцияга тарых илимин изилдеген окумуштуулар, коомдук ишмерлер жана ЖОЖдун окутуучулары катышат.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер