У.МАМАТКАНОВ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОМИССИЯСЫНЫН ЖАНА «КЫРГЫЗТЕСТТИН» ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 19.08.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, ошондой эле ага караштуу мекемелердин ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. У.МАМАТКАНОВ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОМИССИЯСЫНЫН ЖАНА «КЫРГЫЗТЕСТТИН» ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫЖолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруунун актуалдуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Анда тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилди үйрөнүүгө жана аны билүү деңгээлин баалоого түзүлгөн шарттарды мындан ары да жакшыртуу маселелери кеңири талкууланды.

Андан соң Минкаб төрагасынын орун басары «Кыргызтест» мекемесинин ишине күбө болду. Акыркы мезгилде мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөгө катышуучулардын саны кыйла көбөйгөнү белгиленди. Буга байланыштуу тест тапшыруучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, тестирлөө процессинин сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелери көтөрүлдү. Тагыраагы, «Кыргызтесттин» имарат-жайын кеңейтүү жана көбөйгөн агымга ылайык тиешелүү шарттарды түзүү боюнча конкреттүү сунуштар каралды. У.МАМАТКАНОВ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОМИССИЯСЫНЫН ЖАНА «КЫРГЫЗТЕСТТИН» ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫЖыйынтыгында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоонун натыйжалуулугун арттыруу, тестирлөө процессин өркүндөтүү жана жарандар үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди күчөтүү зарылдыгы айтылды. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана анын коомдук турмуштун бардык тармактарында кеңири колдонулушун камсыз кылуу багытындагы иштер мындан ары да активдүү улантылмакчы.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер