“УҢГУЖОЛУНДАГЫ ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН РОЛУ”
- 21.04.2025
- 0
Ош технологиялык университетинде “Улуттук дем дүйнөлүк бийиктик уңгужолундагы заманбап технологиялардын ролу” деген темада тегерек стол өткөрүлдү.
Тегерек столду ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев ачып, катышуучуларга ийгилик каалап өттү.
— Түштүк жергесиндеги технологиялык университет катары биз заманбап илим менен руханий мурастарды айкалыштырып, XXI кылымдын талабына ылайык өзгөчө өнүгүү жолун тандадык. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү жарлыгы бизге — илимпоздорго жана адистерге — улуттук маданияттын бай мурастарын санариптештирүү, жарандык аң-сезимди көтөрө турган инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу келечек муунга өткөрүп берүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, — деди ректор.
Аталган иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары С.Аманова, Ош шаарынын мэриясынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы С.Момунов, “Белая река” ЖЧКсынын түштүк регион боюнча директору Н.Мамыров, ОшМУнун тарых-юридика институтунун директорунун орун басары, т.и.к., доцент С.Арстанов, ОшМУнун тарых жана ТОУ кафедрасынын доценти Н.Маразыков, “Алайку Органике” ЖЧКсынын директору Д.Шадыжанова, “Keshte” ЖЧКсынын директору Н.Каарова, окуу жайдын жетекчилиги жана гуманитардык-технологиялык колледжинин коомдук илимдер предметтик-циклдик бирикмесинин окутуучулары катышты.
Жыйында кыргыз элинин маданий жана руханий баалууулуктарын дүйнө жүзүнө кантип таанытуу, улуттук баалуулуктарды сактоо менен глобализация шартында атаандаштыкка туруштук берүү, билим берүү жана инновациялар аркылуу улуттук өнүгүүнү тездетүүнүн эффективдүү ыкмалары жана жаштар арасында улуттук демди көтөрүү үчүн аракеттер боюнча талкуу жүрүп, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.
ОшТУнун басма сөз кызматы.
Комментарийлер