Уңгужолдун идеялары менен үндөшкөн руханий иш-чара
- 13.04.2026
- 0
2026-жылдын 10-апрелинде И.Раззаков атындагы политехникалык колледжде “Аалам алпы Ч.Айтматов жана академик А. Акматалиев” аттуу адабий кече жогорку деңгээлде болуп өттү. Бул иш-чара академик А.Акматалиевдин 70 жылдык юбилейинин алкагында уюштурулуп, улуттук руханий мурастарды даңазалаган маанилүү маданий-илимий окуя болду.

Иш-чаранын негизги максаты – келечектеги техникалык адистердин руханий дүйнөсүн байытуу, мамлекеттик тилди жана улуттук адабиятты даңазалоо, ошондой эле улуу муун менен жаш муундун ортосундагы руханий байланышты бекемдөө болуп саналат.
Салтанаттуу кечеде И. Раззаков атындагы КМТУнун Репутация (QS) жана кызматташтык боюнча координатору, т.и.д., профессор Эркин Капарович Боронбаев баяндама жасап, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк деңгээлдеги адабий мурасынын маанисин ар тараптуу илимий негизде талдап, анын жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдыруудагы ордун белгиледи. Ошондой эле ал академик Абдылдажан Акматалиевдин Айтматовдун чыгармачылык мурасын изилдөө, сактоо жана жайылтуу багытындагы илимий-уюштуруучулук ишмердүүлүгүнө өзгөчө токтолуп өтүү. Профессор өз сөзүндө техникалык билим менен гуманитардык баалуулуктардын айкалышы инсандын ар тараптуу өнүгүүсүнө жол ачарын баса белгиледи.
Кеченин өзгөчөлүгү – бул жөн гана чыгармачылык иш-чара эмес, Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнү көздөгөн “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолдун идеялары менен үндөшкөн руханий жолугушуу болду. Анткени “Унгужол” – бул түпкүлүккө кайтуу, ата-бабанын мурасын унутпоо, улуттук баалуулуктарды билим жана илим менен айкалыштырып, келечек муунду руханий жактан байытуу деген түшүнүктү камтыйт. Аны менен бирге “Уңгужолдун” негизги багыттарынын бири болгон мамлекеттик тилдин кыргыз элинин жарандык аң-сезиминин калыптандыруудагы, өлкөнүн өнүгүшүндөгү, улуттук маданияттын сакталышындагы ордуна басым жасалып, жаштар арасындагы көркөм адабиятты окуу маселеси да эске алынды. Бул адабий кечеде дал ушул идеялар жанданып, адабият аркылуу жаштардын жан дүйнөсүнө сиңирүүгө аракет жасалды.
Окуу жайдын босогосун академик А.Акматалиевдин атташы – бул жөн гана жолугушуу эмес, билим менен маданияттын, салт менен заманбап илимдин ортосундагы бекем байланыш катары кабыл алынды. Илими менен элге таанылган, акыл-ой дүйнөсүнүн тереңдиги менен жаш муунга үлгү болгон академигибиздин келиши окуу жай үчүн чоң сыймык жана зор руханий дем берди.
Академиктин ар бир айткан пикири, турмуштук тажрыйбасы жана адабиятка болгон терең философиялык көз карашы бөтөнчө баалуу болду, анткени студенттердин руханий дүйнөсүнө таасир этүү менен алардын билим алууга болгон кызыгуусун жогорулатууга өбөлгө түздү. А.Акматалиев өз сөзүндө техникалык багытта билим алып жаткан адистердин прозаны кызыгып окуп, поэзияны түшүнүп, көркөм адабиятты жан дүйнөнү байыткан асыл булак катары өздөрү менен кошо ала жүрүп, руханий жактан өсүүгө умтулуп жатышы – колдоого татыктуу көрүнүш экендигин өзгөчө белгиледи. “Уңгужол” идеясы менен үндөшкөн бул жолугушуу жаштарга ата-бабалардын мурасын таануу, улуттук баалуулуктарды баалоо жана билим аркылуу өсүү, өнүгүү керек экенин дагы бир жолу тастыктады.

Кеченин жүрүшүндө академик А.А.Акматалиевдин өмүр жолун, ишмердүүлүгүн баяндаган видео-ролик көрсөтүлүп, ырлары көркөм окулуп, студенттер тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылып, баяндамалар жасалып, эркин баарлашуунун коштоосунда терең мазмундуу маданий атмосфера түзүлдү.
Иш-чаранын башталышында коноктор Ч.Айтматовдун “Ак кеме” жана “Жамийла” повестериндеги каармандардын образдарына арналган, студенттердин өз колунан жаралган кийимдердин галереясына күбө болушту. Ч.Айтматовдун “Ак кеме”, “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, “Гүлсарат”, “Эрте келген турналар” сыяктуу классикалык чыгармаларынан сахналаштырылган үзүндүлөрдү аткарышып, адамдык абийир, мекенчилдик, сүйүү жана достук сыяктуу бийик сезимдерди, ар бир каармандын ички толкундоосун сахнада кылдат чеберчилик менен таасын чагылдырып беришти. Көрүүчүлөр Айтматовдун ааламын жаңы өңүттөн көрүп, терең философиялык ой толгоолорго чөмүлүштү.
Колледждин биринчи курсунун студенттери академик А.Акматалиевдин калемине таандык “Жашагым келет эмне үчүн”, “Сырларым эң аярлуу байлыгымдыр”, “Кызыл көйнөк жан дүйнө”, “Жан сырым”, “Ойлор, ойлор…” аттуу III томдук ыр жыйнактарын кызыгуу менен окуп чыгышып, анын чыгармачылыгына арналган сүрөт галереясынын коштоосунда сүйүү, өмүр, мекен, достук темаларына арналган ырларынан көркөм айтып беришти. Студенттердин чыгармачылыгынын көп кырдуулугун көрсөткөн сүрөт галереясынын коштоосунда өз ырларынан көркөм окулушу кеченин таасирдүү учурларынын бири болгондугун академик ыраазы болуу менен баса белгилеп өттү.
Кеченин коногу академик А. Акматалиев студенттер менен баарлашып, жаш муунду китепкөйлүүлүккө, эмгекке жана руханий баалуулуктарды барктоого чакырды. Ал өзүнүн устаты Чыңгыз Айтматов менен бирге өткөргөн күндөрү тууралуу баалуу эскерүүлөр менен бөлүшүп, билим алуудагы өжөрлүктүн, тырышчаактыктын маанилүүлүгүнө айрыкча басым жасады.
Кеченин жыйынтыгында колледждин директору т.и.к. Нурайым Курманбековна Турусбекова тилчи-адабиятчы мугалимдер ф.и.к. Д.Исраилова, Н.Мырзабаева, Ш.Шерматовалар жана колледждин жалпы эмгек жамааты тарабынан иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, келген конокторго терең ыраазычылык билдирүү менен белектерди тапшырды. Бул адабий кече катышуучулардын эсинде өзгөчө бир руханий азык берген окуя катары калды.
Илимдин туу чокусун багындырган академик А.Акматалиевдин аталган иш-чарага катышуусу – кеченин көркү гана эмес, билим ордосуна берилген эң жогорку баа болуп калды. Бул жолугушуу колледждин деңгээлинде “Уңгужолдун” идеяларын жаштарга таанытууда баштапкы методологиялык негиз катары кызмат кылып, анын руханий-баалуулук мазмунун бекемдөөгө өбөлгө түздү. Натыйжада студенттерде өз тарыхын унутпаган, билимге умтулган жана улуттук маданий баалуулуктарды сактоого багытталган инсандык сапаттарды калыптандыруу процесси жигерленди.
Комментарийлер