УҢГУЖОЛ: №109 МЕКТЕПТЕ САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

  • 21.10.2026

 20-октябрда Бишкек шаарындагы №109 жалпы билим берүү мектебинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик, уңгу жолу» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында «Уңгуну унуткан эл — жолун жоготот» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул демилгенин негизги максаты — улуттук баалуулуктар аркылуу тарбия берүүнүн, билимдин, илимдин жана маданияттын маанисин ачып көрсөтүү, ошондой эле элдин руханий мурасын кийинки муундарга сапаттуу жеткирүү болуп саналат. УҢГУЖОЛ: №109 МЕКТЕПТЕ САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын урматтоо, кылым карыткан каада-салттар менен үрп-адаттарды көз карегиндей сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле окуучулардын боюна ата-бабалардан калган асыл нарк-насилди сиңирүү жана аны келечек муундарга өткөрүп берүү жоопкерчилиги кеңири түшүндүрүлдү. УҢГУЖОЛ: №109 МЕКТЕПТЕ САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Бул маанилүү салтанатка Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жана райондук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышып, сунушталган программанын мазмундуулугун жогору баалашты. Ал эми мектеп окуучулары менен мугалимдер коллективи даярдаган маданий программанын алкагында кыргыз элинин нарктуу каада-салттары жана улуттук үрп-адаттары чагылдырылган сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланды. УҢГУЖОЛ: №109 МЕКТЕПТЕ САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Адистердин айтымында, мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү окуучулардын улуттук аң-сезимин калыптандырууга, мекенчилдик сезимин ойготууга, руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөгө жана муундар ортосундагы уланмалуулукту сактоого баа жеткис өбөлгө түзөт.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү