УҢГУЛУУ КӨЧТҮ УЛАНТКАН ЭЖЕЙ

  • 13.09.2023
  • 0

Эмгегин элге арнап, байсалдуу жолду баскан КЭУнун ага окутуучусу Мина Убалиевна Убалиева эже уӊгулуу көчтү улантар из калтырып кетти. Ал ак пейили, дилгир мамилеси менен чөйрөсүнө жагымдуу таасир тийгизген жаркын инсан эле.

  УҢГУЛУУ КӨЧТҮ УЛАНТКАН ЭЖЕЙ

Эжей жашы 70ке таяп калгыча окутуучулук кесипти аркалады.    Көп жылдан бери сабак берип, мол тажрыйба топтосо да, заманга жараша дайыма изденип туруудан талган жок. Окутуунун мазмуну канчалык жаӊыланганы менен улуттук баалуулуктар эч качан көӊүлдөн сыртта калбашы керек экендигин да жакшы түшүнгөн. Ошондуктан,  “Кыргызстан родная земля” деп аталган китепти англис тилинде жазды. Китепте жаштарга заманбап билим берүү менен бирге, кыргыз эли, маданияты, каада-салты жана жаратылышы жөнүндөгү эӊ зарыл маалыматтар бар. Жаштар англис тилин жакшы өздөштүрүү менен эле чектелбей, рухий башатын да биле жүрүшү керек. Заманбап усулдарга негизделген бул китепти студенттер абдан жакшы кабыл алышты.

Баскан жолуна кыскача көз чаптырсак, Мина Убалиевна  1951-жылы Нарын областынын Кочкор районуна караштуу Кум- Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. 1973-жылы В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтун (азыркы И.Арабаев атындагы КМУну) бүтүргөн. Эмгек жолун 1973-жылы Кочкор районунун мектебинде англис тили боюнча мугалимдиктен баштаган. 1977-жылдан 1991-жылга чейин Нарын облусунда Комсомол комитетинин 1-секретары болгон. Кийин советтик жана партиялык иштерде эмгектенген. 1991-жылдан 1994-жылга чейин Нарын педагогикалык окуу жайынын директору болуп иштеген. 1994-2002-жылдар аралыгында И.Арабаев атындагы КМПУда англис тили боюнча окутуучулук кесипти аркалады. 2002-жылдан тартып, азыркы М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде 2019-жылга чейин иштеди.

Эки окуу китептин, 20 илимий макалалардын автору.

Тилди жакшы билбеген жаштар бар. Англис тилин такыр билбегендиктен чүнчүп, өзүн ыңгайсыз сезип, такыр сабак окугусу келбей калган студенттерге, мындай кырдаалда, алардын тил үйрөнүүсү үчүн дем берүүчү сөздөрдү айтып, эркин болуусуна шарт түзүүгө аракет кылып келген.  “Мугалим балага энесиндей эле мээримдүү болушу зарыл. Эгерде биз сүрдүү көрүнүп, студенттен өзүбүздү өйдө койсок, анда алар сүйлөгөндөн, суроо бергенден тартынат, ката кетирип алам деп корко берет” — деп калчу. Ал студенттерди   кыргыз маданияты менен тааныштырып окутуп келген. Студенттерге: “Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөр силерден Англияны сурабайт, Айтматовду, “Манасты” сурайт, жаратылышты сурайт, каада-салтыбызды сурайт, шаарыбыздын көчөлөрүн сурайт. Андыктан, улуттук баалуулуктарыбызды билишиңер зарыл,- деп, сабакта ушул маселелерге басым жасап келген.

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Эл аралык бөлүмүн жетектеп турганда көптөгөн Европалык, чет өлкөлүк мамлекеттер менен эл аралык мамилелерди, келишимдерди түзүүдө, эл аралык илимий- практикалык конференцияларды өткөрүүдө, чет өлкөлүк өнөктөш университеттерге студенттерди мобилдүүлүк боюнча жиберүүдө жемиштүү иш алып барган жана чет тилдер кафедрасында окутуучулук милдетти аркалаган.

Мина Убалиевна өз ишине жоопкерчилик менен караган, иштин көзүн билген, жогорку деңгээлдеги кесипкөй адис болгон. Эжей адамгерчиликтүү, маданияттуу, эч кимге жаман айтпаган, ачык мүнөз, ар дайым акыл-насаатын аянбаган мыкты адам эле. Окутуучулук жамаатта жана студенттердин арасында бийик абройго ээ эле. Эжейдин жаркын элеси    биздин эсибизде түбөлүккө сакталат!

Бозоргон чөлдүн шамалы,

Боздоткон өлүм амалы,

Боору таш жексур ажалдын,

Боздотуу тура талабы.

Болкулдап ыйлап бөк түшүп,

Боздосок кайдан табалы.

Жаш алып сыздап турабыз,

Жаш кары жалпы баарыбыз.

Жазмыштын иши экен го,

Жаннаттан болсун жайыңыз.

Мина Убалиевна жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. Жалпы педагогикалык жамааттын жүрөгүндө түбөлүк сакталасыз. Кош болуңуз!

Н. Жапаралиева,

                                                              М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУнун

                                                         Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер

                                                          кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент

Бөлүшүү

Комментарийлер