U-23: Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатында коло утту

  • 26.10.2023
  • 0

U-23: Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатында коло утту

Эркин күрөш боюнча спортчу Бекзат Алмаз уулу 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло байге тагынды. Ал 57 килограмм салмакта күч сынашты.

Ал алгачкы эки беттешинде атаандаштарынан күчтүү чыгып, жарым финалга чыккан. Жарым финалда Бекзат Алмаз уулу жеңилүү ызасын тарткан.

Жыйынтыгында кыргызстандык балбан коло байге үчүн күрөшө турган болгон.

25-октябрда ал үчүнчү орун үчүн беттеште казакстандык балбанды жеңип, коло медаль утту.

Бөлүшүү

Комментарийлер