ТЮРКСОЙдун СЫЙЛЫКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 07.09.2022
  • 0

Илимге, адабиятка жана маданиятка олуттуу салым кошкон кыргыздын көрүнүктүү маданият, искусство жана илим ишмерлери ТЮРКСОЙдун сыйлыктары менен сыйланды. КР Улуттук илимдер академиясынан маалымдашкандай, бул сыйлыктар 2-сентябрда КР Улуттук тарых музейинде Эл аралык ТЮРКСОЙ уюму тарабынан уюштурулган  салтанаттуу иш-чарада тапшырылды.

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө казак окумуштуусу, академик Зейнолла Кабдолов тарабынан жазылган “BENIM AVEZOVUM” (“Менин Ауэзовум”) деген китептин түрк тилинде жарык көрүшүнүн бет ачар аземи өттү. Салтанаттуу жыйынды түрк  элдеринин Эл аралык маданий уюму болгон ТЮРКСОЙдун Генералдык секретары Султан Раев ачты. Ал өз сөзүндө түрк элдеринин маданий байланышын чыңдоо багытында ТЮРКСОЙдун аткарып жаткан иштери жөнүндө кыскача маалымат берип өттү. ТЮРКСОЙ 2022-жылды казактын чыгаан уулу, белгилүү окумуштуу, жазуучу Мухтар Ауэзовдун туулгандыгынын 125 жылдыгына карата “Ауэзов жылы” деп жарыялагандыгын жана ушул белгилүү датага арнап “Менин Ауэзовум” деген китеп түрк тилине которулуп, жарык көргөндүгүн белгиледи. С.Раев өз сөзүндө бул инсандын жалпы эле түрк маданиятында, өзгөчө кыргыз маданиятында өзүнүн чоң орду бар экендигин, “Манас” эпосунун элдүүлүгүнө каршы саясий чабуулда элдик мурасты сактап калууга М.Ауэзов зор салым кошкондугун, ошондой эле кыргыздын дагы бир сыймыгы Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын башталышында ага руханий колдоо көрсөткөндүгүн эскерип өттү.

Жолугушууда академиктер А.Акматалиев, А.Эркебаев да М.Ауэзовдун жана китептин автору академик Зейнолла Кабдоловдун кыргыздын фольклористика, адабият таануу багытындагы илиминде жана илимий кадрларларынын даярдалышына кошкон зор салымдарын белгилешти.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө ТЮРКСОЙдун Генералдык секретары Султан Раев бул Эл аралык уюмдун сыйлыктарын тапшырды. Академиктер А.Акматалиев, А.Эркебаев ТЮРКСОЙдун алтын медалдары менен сыйланышты. Кыргыз Республикасынын Эл жазуучулары Өскөн Даникеев, Мелис Абакиров, Асан Жакшылыков баштаган кыргыздын маданият, искусство жана илим тармагында иштеген бир топ ишмерлерине Мухтар Ауэзовдун юбилейлик жылына карата чыгарылган төш белгилер тапшырылды.

 

А.Кашыбаева,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер