ТЫНЧТЫКБЕК ТУРСУНАЛИЕВ НАРЫН ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ БОЛДУ
- 17.04.2025
- 0
Турсуналиев Тынчтыкбек Иманалиевич Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Тынчтыкбек Турсуналиев 1985-жылы Кочкор районундагы Шамшы айылында туулган. 2002-2007-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинен жогорку билимге ээ болгон. Информациялык технологиялар- магистр үчүнчү разряддагы компьютердик жана офистик техниканы локалдык түйүндү оңдоо тейлөөнүн устаты. 2007-2018-жылдары Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштеген.2018-2024-жылдары ушул мектептин директору кызматын аркалап келген. Буга чейин Кочкор райондук билим берүү бөлүмүн жетектеген.
Жаңы ордуңуз кут болсун, Тынчтыкбек Иманалиевич!
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер