ТЫНЧТЫК, ЫНТЫМАК КЕРБЕНИ

  • 26.10.2021
  • 0

2021-жылдын 25-октябрында Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак жана Орозбеков айылдарында “Тынчтык, ынтымак кербени” болуп өттү.

ТЫНЧТЫК, ЫНТЫМАК КЕРБЕНИ

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун 300 ашуун жашоочуларына белгилүү акындар, “Поэзия сени сүйөм” поэтикалык жыйнактын автору, “Эргүү” улуттук театр сынагынын ээси, белгилүү акын, журналист Нуркыз Рыскул кызы, А.Осмонов атындагы адабий сынактын ээси, белгилүү акын, бир канча китептин автору, алып баруучу Акбар Кубанычбеков, Караколдо өткөн эл аралык айтыштын жеңүүчүсү, белгилүү төкмө акын Кутман Садыбакасов жана А.Осмонов атындагы, Ч.Турсунбеков атындагы адабий сынактардын ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, бир канча китептердин автору Бердибек Жамгырчиев чыгармачылыгын тартуулашты.

ТЫНЧТЫК, ЫНТЫМАК КЕРБЕНИ

Иш-чарага Роза Отунбаеванын демилгеси Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева жана “Коомдун инклюзивдүү жана тынч өнүгүүсү үчүн миграцияга дуушар болгон аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун координатору Чынара Абдраимакунова жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Меерихан Асанова катышты.

ТЫНЧТЫК, ЫНТЫМАК КЕРБЕНИ

ТЫНЧТЫК, ЫНТЫМАК КЕРБЕНИ

“Тынчтык, ынтымак кербенинин”  негизги максаты — акындар менен жолугушуу аркылуу тынчтык, социалдык жана гендердик теңчилик идеяларын жайылтуу, коомчулукта тынчтыкты орнотууга аялдардын салымы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу.

ТЫНЧТЫК, ЫНТЫМАК КЕРБЕНИ

“Тынчтык, ынтымак кербени”  Бириккен улуттар уюмунун Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен БУУнун Аялдар түзүмү жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Коомдун инклюзивдүү жана тынч өнүгүүсү үчүн миграцияга дуушар болгон аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун жыйынтыгы менен уюштурулду.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер