ТЫНЧТЫК КОРПУСУНУН ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНДА
- 14.06.2023
- 0
13-июнда Кыргызстанга Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы орто мектептерде англис тилин окутууну колдоо үчүн АКШнын Тынчтык Корпусунун 26 ыктыярчысы келди.
Бул 1993-жылдан бери Кыргыз Республикасында ыктыярчылык кызматты аткарып келе жаткан Тынчтык Корпусунун — 29-ыктыярдуу тобу. Алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен АКШ ортосунда 1992-жылы кол коюлган келишимдин негизинде жергиликтүү мугалимдердин потенциалын күчөтүшүп, мектептерге англис тилин үйрөнүү ресурстарын түзүүдө же кеңейтүүдө жардам беришет. Ыктыярчылар алдын 11 жумалык даярдыктан өтүшмөкчү.
А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер