ТЫНЧТЫК ФЕСТИВАЛЫ

  • 24.04.2021
  • 0

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ишке ашырып келген «Мигрант аял өнүгүү түркүгү» долбоорунун алкагында 2021-жылдын 23-апрелинде Баткен облусунун Орозбеков айылында Тынчтык фестивалы болуп өттү.

ТЫНЧТЫК ФЕСТИВАЛЫ

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык комдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаеванын маалыматы боюнча, иш-чара айылдын активисттери, мурунку мигрант айымдардын кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү менен коштолуп, мектеп окуучуларынын “Тынчтык куруу” темасына даярдаган презентациялары көрсөтүлдү. Ошондой эле төрт мектептин окуучулары тынчтыкты курууда кыздардын жана аялдардын катышуусу темасындагы сүрөт тартуу конкурсу жана мигрант аялдардын фондун түзүү боюнча позитивдүү тажрыйбаны презентациялоо болуп өттү.

ТЫНЧТЫК ФЕСТИВАЛЫ

ТЫНЧТЫК ФЕСТИВАЛЫ

— Ал эми мурунку мигрант Бообекова Жылдыз биогумус өстүрүү боюнча тажрыйбасы менен тааныштырды. Иш-чаранын алкагында мигранттардын балдары үчүн бала бакча ачуу тажрыйбасы тууралуу баяндалды, — дейт жетекчи.

ТЫНЧТЫК ФЕСТИВАЛЫ

ТЫНЧТЫК ФЕСТИВАЛЫ

ТЫНЧТЫК ФЕСТИВАЛЫ

ТЫНЧТЫК ФЕСТИВАЛЫ

ТЫНЧТЫК ФЕСТИВАЛЫ

ТЫНЧТЫК ФЕСТИВАЛЫ

ТЫНЧТЫК ФЕСТИВАЛЫ

ТЫНЧТЫК ФЕСТИВАЛЫ

ТЫНЧТЫК ФЕСТИВАЛЫ

«Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон кыздардын жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоору БУУ Тынчтыкты куруу фонду тарабынан каржыланып, БУУ Аялдар түзүмү, Эл аралык миграция уюму, Эл аралык эмгек уюму менен биргеликте ишке ашырылып келүүдө.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер