ТЫНЧТЫК» БАЛДАР БАКЧАСЫ ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БОЛДУ

  • 09.02.2024
  • 0

Лейлек районунун борбору Раззаков шаарында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин  тарбиялануучуларынын ортосунда Манас таануу боюнча аймактык конкурс болуп өттү.

ТЫНЧТЫК" БАЛДАР БАКЧАСЫ ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БОЛДУ

Аталган сынакта Ак-Суу айылындагы «Тынчтык» балдар бакчасынын «Семетей» тобунун мүчөлөрү «Манас» эпосунан үзүндүнү айтышып, «Семетейдин Таласка келиши» аттуу чакан сахналык көрүнүнүштү өтө  сонун  аткарышты.
Ошентип, Бурахла Саматова жетектеген бакчанын кичинекей өнөрпоздору  биринчи орунду алышып, областтык турга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Тайир АШИРБАЙ, Лейлек району

Бөлүшүү

Комментарийлер