ТУУРА ТАНДООМ — ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕГИМ

  • 26.04.2023
  • 0

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «Туура тандоом — жаркын келечегим» аттуу иш чара болуп өттү.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде мектеп окуучуларынын арасындагы ынтымакты бекемдеп, алардын дүйнө таанымын кеңейтип, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу максатында, өлкөбүздүн түштүк аймагында жалпы билим берүү ишмердигин жүргүзүп жаткан орто мектептердин бүтүрүүчү класстарынын арасында “Туура тандоом – жаркын келечегим” аталышындагы иш-чаранын алкагында “Мыкты мектеп бүтүрүүчүсү” кароо сынагы болуп өттү.ТУУРА ТАНДООМ - ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕГИМСынакты университеттин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев ачып, окуу жайдын адистик билим берүү багыттары, материалдык-техникалык базасы тууралуу кенен маалымат берди. Иш-чарага Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы орто мектептерден тандалган окуучулар катышты.

Сынактын жүрүшүндө “Мыкты интеллектуал мектеп бүтүрүүчүсү” сынагы уюштурулду. Катышуучуларга 20 тесттик суроодон турган баракча таркатылып, окуучулардын жооптору эксперттик топ тарабынан бааланды. Ошондой эле сынактын катышуучуларына алдын-ала берилген “Туура тандоом — жаркын келечегим” аталышындагы дилбаяндардын жыйынтыгы чыгарылды.

ТУУРА ТАНДООМ - ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕГИМ

Эксперттик комиссия тарабынан мыкты деп табылган дил баяндын авторлоруна, логикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө атайын даярдалган баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.

Иш-чаранын соңунда мектеп бүтүрүүчүлөрү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер